Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 токтому (2017.08.06. өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен)
Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын натыйжалуулугун жогорулатуу, мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында Кыргыз Республикасынын жарандарынын кесипкөй кызматтык ишинин уланмалуулугун, туруктуулугун жана көз карандысыздыгын камсыз кылуу максатында, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Төмөнкүлөр бекитилсин: - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматында жана муниципалдык кызматында конкурс өткөрүүнүн жана кызматка көтөрүлүүнүн тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык; - Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптар 2-тиркемеге ылайык; - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчысынын жана муниципалдык кызматчысынын типтүү кызматтык нускамасы 3-тиркемеге ылайык; - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын Улуттук кадрлар резервин түзүүнүн жана иштешинин тартиби жөнүндө жобо 4-тиркемеге ылайык; - Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ички кадрлар резервин түзүүнүн жана иштешинин тартиби жөнүндө жобо 5-тиркемеге ылайык; - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө жобо 6-тиркемеге ылайык; - Административдик мамлекеттик бош кызмат орундарын жана административдик муниципалдык бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлерди тестирлөө тартиби жөнүндө жобо 7-тиркемеге ылайык; - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчысынын жана муниципалдык кызматчысынын өздүк ишин жүргүзүүнүн тартиби 8-тиркемеге ылайык. 2. Ушул токтомдун жүзөгө ашырылышын координациялоо жана методикалык камсыздоо боюнча милдеттер мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлсүн. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|