Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 14-мартындагы № 142 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын орто кесиптик окуу жайы тууралу жобо (2003.05.11. өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен)
КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 токтомуна ылайык күчүн жоготкон
1.1. Кыргыз Республикасынын орто кесиптик окуу жайы - Кыргыз Республикасынын «Билим берүү тууралу» Мыйзамына ылайык толук орто билим базасында белгилүү бир адистиктер боюнча орто звенодогу адистерди кесиптик жактан даярдоочу окуу-өндүрүштүк мекеме. Мамлекеттик орто кесиптик окуу жайы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан түзүлөт. Мамлекеттик эмес орто кесиптик окуу жай уюмдаштыруучу тарабынан түзүлөт. Орто кесиптик окуу жай юридикалык жак болуп саналат, анын өзүнчө балансы, мөөрү жана өз аталышы болот. 1.2. Орто кесиптик окуу жайларга техникумдар, кесиптик (педагогикалык, медициналык ж.б.) колледждер, училищелер кирет. 1.3. Орто кесиптик окуу жайларда окугандар студенттер (курсанттар) андан ары текст боюнча - «студенттер» дел аталат. 1.4. Орто кесиптик окуу жайлардын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет: - инсандын тандаган адистиги боюнча кесип жана квалификация алышы, ошондой эле интеллектуалдык, нравалык жана дене-бой жагынан муктаждыгын канататтандыруу; - даярдоо, кайра даярдоо, квалификациясын жогорулатуу формасында өлкөнүн орто звенодогу адистерге болгон муктаждыгын алымсындыруу; - окуу жана өндүрүштүк процесстердин биримдигин камсыз кылуу менен өндүрүштүк жана тажрыйба-өндүрүштүк иш жүргүзүү. 1.5. Орто кесиптик окуу жайы мамлекеттик башкаруу органдарынын контролунда болот. Студенттерди окутуу, тарбиялоо сапатын контролдоо ведомостволук баш ийгенине жана менчигинин түрүнө карабастан, бүтүрүүчүлөрдү мамлекеттик аттестациялоо, окуу жайларын мезгил-мезгили менен мамлекеттик аттестациядан өткөрүү аркылуу билим берүү ишин мамлекеттик башкаруу органы - Кыргыз Республикасынын Билим жана маданият министрлиги тарабынан ишке ашырылат. Аттестациянын жыйынтыгы боюнча окуу жайына квалификация ыйгаруу жана мамлекеттик үлгүдөгү дипломдорду тапшыруу укугуна ээ кылчу сертификат берилет. Окуу жайды аттестациядан өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Билим жана маданият министрлиги тарабынан белгиленет. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|