Кыргыз Республикасында башталгыч кесиптик КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-августундагы № 505 токтомуна ылайык күчүн жоготуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү азыр башталгыч кесиптик билим берүү тармагында 115 окуу жай, анын ичинде: 80 кесиптик лицей, 25 кесиптик окуу жай, 7 жазалоо мекемесиндеги окуу жай, бир атайын КТО, Республикалык ишкерлерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу борбору, Токмок шаарындагы Индустриялык-педагогикалык техникум бар экенин белгилейт. Окугандардын жылдык орточо контингенти - 26 миң адам, алар 90 кесип боюнча окушат. Статистикалык маалыматтарга караганда, 2001-жылы 12616 бүтүрүүчүнүн 76 проценти ишке орноштурулган. Окуу жайларда 426 окуулук-өндүрүштүк өнөрканалар бар, аларда бир миңден ашык станоктор, агрегаттар жана башка жабдуулар бар. Башталгыч кесиптик-техникалык билим берүү тармагынын окуу кабинеттерин жана лабораторияларды, жатаканаларды, окуулук-өндүрүштүк өнөрканаларды кошо камтыган материалдык-техникалык базасы окуучулардын азыркыдан эки эсе көп контингентин окутууга мүмкүндүк берет. Айыл жеринде жайгашкан кесиптик лицейлер жана кесиптик окуу жайларда 3,5 миң га жери бар. Жетекчи жана инженер-техник кадрлардын курамы 3 миң адамга жакын, анын ичинен 1,7 миң адам жогорку, 1,2 миң адам атайын орто билимдүү. Башталгыч кесиптик билим берүү тармагынын ишинин негизги багыттарынын бири - калктын социалдык жактан корголбогон катмарларындагы жашы жете электер үчүн кесиптик билим алуунун жеткиликтүүлүгүн камсыздоо, б.а. окууну бүткөндөн кийин ишке орношууга мүмкүндүктү камсыздоочу жумушчулук кесипти толук үйрөнүүгө шарт түзүү. Кесиптик лицейлердин жана окуу жайлардын окуучуларында гарантияланган минимум: стипендия, тамак-ашы, жол киреге жеңилдиктер, жатакана менен камсыздык бар. Жетим балдар эң аз эмгек акынын 80 проценти өлчөмүндө социалдык стипендия алышат. Ар бир окуу жай өз кезегинде өндүрүштүк иштин натыйжасында түшкөн каражаттардын эсебинен жетим окуучуларды сезондук кийим, кошумча тамактануу менен камсыздайт, жол киресин төлөйт, окуу шаймандарын берет. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|