Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту 2006-жылдын 4-сентябрындагы № 07-165/06ЭД токтому
ЭД-000082/02.02, № 07-165/06ЭД иши
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: Төрагалык кылуучу: Төраганын орун басары Альпиева А.Н., судьялар: Садыков Э.Э., Мухамеджанов А.Ж., сот жыйынынын катчысы: Сагынбаева Н., тараптардын өкүлдөрү: «Ноокат соода базар» кооперативинин жана У.Абдуллаевдин өкүлү Ташбалтаев Р. (ишеним кат 29.08.06 ж. N62): «Сахоба» дыйкан чарбасынын «Лимон» өндүрүштүк бирикмесин жумушчулары менен имараттан чыгаруу, анын имараттын, складдарын «Сахоба» дыйкан чарбасына өткөрүп берүү жөнүндөгү арызынын, 2001-жылдын 27-сентябрындагы сатуу-сатып алуу келишимин, 2001-жылдын 16-ноябрындагы N91 менчик укугу тууралуу күбөлүктү, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2001-жылдын 10-декабрындагы N540 токтомун, 2001-жылдын 19-декабрында жер участогуна берилген мамлекеттик актыны жараксыз деп табуу жөнүндөгү кошумча арызынын жана «Лимон» өндүрүштүк бирикмесинин Ноокат райондук сот аткаруучусунун 1999-жылдын 22-ноябрындагы «Лимон» өндүрүштүк бирикмесинин имаратын «Сахоба» дыйкан чарбасына өткөрүп берүү жөнүндөгү актысын жокко чыгаруу жөнүндөгү тосмо доо арызы боюнча кабыл алынган Ош областтык сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2005-жылдын 5-августундагы аныктамасына келтирилген «Сахоба» дыйкан чарбасынын көзөмөл даттануусун карап чыгып, (даттанылып жаткан сот актысын кабыл алган судьялар: Момбеков К.А., Арапбаев Н.М., Эркебаев А.М.) тапты: 2000-жылдын 10-майында «Сахоба» дыйкан чарбасынын төрагасы А.Абдусаламов Ноокат райондук сотуна «Лимон» өндүрүштүк бирикмесин жумушчулары менен имараттан чыгаруу жөнүндө арыз менен кайрылган. Ноокат райондук сотунун 2000-жылдын 19-июлундагы чечими менен А.Абдусаламовдун жоопкер «Лимон» өндүрүштүк бирикмесинин мурунку директору Насридинов Абдурахманды жумушчулары менен имараттан чыгаруу жөнүндөгү доо арызы канааттандыруусуз калтырылган. Ош областтык сотунун граждандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2000-жылдын 25-августундагы аныктамасы менен Ноокат райондук сотунун 2000-жылдын 19-июлундагы чечими өзгөртүүсүз калтырылган. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2001-жылдын 18-октябрындагы токтому менен Ноокат райондук сотунун 2000-жылдын 19-июлундагы чечими, Ош областтык сотунун граждандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2000-жылдын 25-августундагы аныктамасы бузулуп, иш кароого тиешелүү сотко өткөрүлүп берилген. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|