Товардык белгилер боюнча мыйзамдар жөнүндө Сингапур келишими, товардык белгилер боюнча мыйзамдар жөнүндө Сингапур келишимине карата нускама жана товардык белгилер боюнча мыйзамдар жөнүндө Сингапур келишимине кошумча дипломатиялык конференцияга резолюция жана ага карата нускамалар (Сингапур, 2006-жылдын 28-марты)
КР 2008-жылдын 5-апрелиндеги № 51 Мыйзамы менен ратификацияланган
ИМБДУ ТLТ/R/DC/30 ТҮПНУСКА: англис тилинде ДАТАСЫ: 2006-ж. 28-марты
ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕНЧИКТИН БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК УЮМУ ЖЕНЕВА
ТОВАРДЫК БЕЛГИЛЕР БОЮНЧА МЫЙЗАМДАР ЖӨНҮНДӨ КАЙРА КАРАЛГАН КЕЛИШИМДИ КАБЫЛ АЛУУ БОЮНЧА ДИПЛОМАТИЯЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ
2006-ж. 13-31-марты, Сингапур
2006-жылдын 28-мартында Дипломатиялык конференция тарабынан кабыл алынды
ТLТ/R/DC/30
Товардык белгилер боюнча мыйзамдар жөнүндө Сингапур келишими
Кыскартылган түшүндүрүүлөр
Ушул Келишимдин максаттары үчүн жана атайын эскертүүлөр болбогондо: (i) «Ведомство» Келишим түзгөн жак белгилерди каттоону тапшырган агенттикти билдирет; (ii) «каттоо» Ведомство тарабынан белгини каттоону билдирет; (iii) «өтүнмө» каттоо үчүн өтүнмөнү билдирет; (iv) «билдирүү» Ведомствого берилген өтүнмөгө же каттоого тийиштүү, кайсы болбосун арызды же кайсы болбосун өтүнмөнү, өтүнүч кат, кат-кабарды же башка маалыматтарды билдирет; (v) «жакка» шилтеме жеке жана юридикалык жакка шилтеме катарында түшүндүрүлөт; (vi) «ээси» белгилердин реестринде каттоонун ээси катарында көрсөтүлгөн жакты билдирет; (vii) «белгилердин реестри» Ведомство түзө турган маалыматтардын жыйындысын билдирет. Реестр бардык каттоолордун мазмунун жана алар сакталган алып жүрүүчүлөргө карабастан, бардык каттоолорго карата аларга киргизилген бардык маалыматтарды билдирет; (viii) «Ведомстводогу жол-жобо» өтүнмө же каттоого карата Ведомстводогу иш кагаздарын жүргүзүү боюнча кайсы гана болбосун жол-жобону билдирет; (iх) «Париж конвенциясы» кайра карап чыгууларды жана оңдоолорду эске алуу менен, Парижде 1883-ж. 20-мартында кол коюлган Өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж конвенциясын билдирет; (х) «Ницца классификациясы» кайра карап чыгууларды жана оңдоолорду эске алуу менен, Ниццада 1957-ж. 15-июнунда кол коюлган белгилерди каттоо максаты үчүн товарларды жана тейлөө кызматтарын Эл аралык классификациялоо жөнүндө Ницца макулдашуусу менен түзүлгөн классификацияны билдирет; Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|