Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2006-жылдын 26-октябрындагы № 07-264/06АД токтому
АД-000032/05.МТ. № 07-264/06АД иши
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамымда: төрагалык кылуучу: төраганын орун басары Альпиева А.Н. судьялар: Садыков Э.Э, Мухамеджанов А.Ж. сот жыйынынын катчысы: Малдыбаев Н. тараптарлын өкүлдөрү: «Райымкул» фермердик чарбасынын жетекчиси Райымкулов Ж.К.; Кыргыз Республикасынын Башкы Прокуратурасынын өкүлү Э.Ажыбековдун катышуулары менен, ачык соттук отурумда Талас райондук Прокуратурасынын Долоно айыл Өкмөтүнүн кызыкчылыгы үчүн берилген «Кеңкол» жамааттык чарбасынын жер комитетинин 1996-жылдагы «Райымкул» фермердик чарбасына 3 га сугат жер берүү жөнүндөгү чечимин, Талас райондук мамлекеттик администрациясынын 1997-жылдын 6-майындагы № 90 токтомун, Талас райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармасы тарабынан жерге укук катары берилген № 12-966 күбөлүгүн жокко чыгаруу жөнүндөгү арызы боюнча кабыл алынган Талас областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2006-жылдын 6-апрелиндеги аныктамасына келтирген Талас областтык Прокуратурасынын көзөмөл сунушун карап чыгып, (даттанылып жаткан сот актысын кабыл алган судьялар: Султанбеков К., Ибраимов М.И., Бердикеев Т.Н., Узакбаева Ж.А.) ТАПТЫ: 2005-жылдын 17-октябрында Талас райондук Прокуратурасы Долоно айыл Өкмөтүнүн кызыкчылыгы үчүн Талас областтык райондор аралык сотуна «Кеңкол» жамааттык чарбасынын жер комитетинин 1996-жылдагы «Райымкул» фермердик чарбасына 3 га сугат жер берүү жөнүндөгү чечимин, Талас райондук мамлекеттик администрациясынын 1997-жылдын 6-майындагы № 90 токтомун, Талас райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармасы тарабынан жерге укук катары берилген №12-966 күбөлүгүн жокко чыгарууну сурап арыз менен кайрылган. Арызда төмөндөгүлөр көрсөтүлгөн. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|