Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2006-жылдын 19-октябрындагы № АД-000015/06.МД токтому
№ АД-000015/06. МД. № 07-248/06 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу: судья Мухамеджанов А.Ж., судьялар: Садыков Э.Э., Аманалиева Б.К., тараптар: Шамшиева Б.А., анын өкүлү Камбаралиев С., Калыкова И., Апсаматов А.Р. соттук жыйындын катчысы: Н.Малдыбаевдин катышуусу менен, ачык соттук отурумда жаран Б.Шамшиеванын 1999-жылдын 5-ноябрында А.Нуранова менен А.Айтматовдун ортосунда түзүлгөн сатуу-сатып алуу келишимди, Кербен айыл өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-сентябрындагы №83-буйругун, Аксы райондук суу чарба башкармалыгынын 2002-жылдын 10-августундагы № 23-буйругун, Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын 2001-жылдын 31-январындагы № 37-Б буйругун жараксыз деп табуу арызы боюнча кабыл алынган Жалалабат областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2006-жылдын 25-июлундагы аныктамасына келтирген Б.Шамшиеванын көзөмөл даттануусун карап, (соттук актыны кабыл алган судьялар: Шерматов М.Т., Кулчунов М.А., Кубанычбеков Б.К.), тапты: Жаран Шамшиева Б. Жалалабат областынын райондор аралык сотуна доо арыз менен кайрылып 1999-жылдын 5-ноябрында А.Нуранова менен А.Айтматовдун ортосунда түзүлгөн сатуу-сатып алуу келишимди, Кербен айыл өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-сентябрындагы № 83-буйругун, Аксы райондук суу чарба башкармалыгынын 2002-жылдын 10-августуңдагы № 23-буйругун, Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын 2001-жылдын 31-январындагы № 37-Б буйругун жараксыз деп таап берүүнү сураган. Доо арыздагы талаптар томөндөгү жагдайларды келтирүү менен негизделген. 1999-жылдын 5-ноябрында Кербен шаарынын Уметалиева көчөсүндөгү № 163 үйдү сатуу-сатып алуу келишими түзүлүп, анын бир тарабы жаран Нуранова А., экинчи тарабы 1988-жылдын 14-майында туулган, тагыраак айтканда 18 жашка толо элек А. Айтматов болгон. Жарандык мыйзамдар боюнча граждандык аракетке жөндөмдүүлүк 18 жашка толгондо пайда болот. Демек Нуранова А. менен А.Айтматовдун ортосунда түзүлгөн келишим арзыбаган бүтүм катары жараксыз. Келишим түзүлгөндөн кийин Аксы райондук суу чарба башкармалыгы 2002-жылдын 10-августундагы №23 буйругу менен 608,8 кв.м жер участогун А.Айтматовтун менчигине бекитип, ал эми Кербен айыл өкмөтүнүн башчысы 2002-жылдын 20-сентябрындагы № 83-буйругу менен аталган жер участогун жашы жете элек балага жеке менчикке өткөрүп берген. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|