Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2006-жылдын 26-октябрындагы № СГ-000022\02.Д2 аныктамасы
№ СГ-000022\02.Д2 №06-35\06 СГ-иши
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу судья Аманалиева Б.К., судьялар: Мукамбаева Г.У. жана Айткулова И.В. (баяндоочу-судья), А.Курманалиев, Алабука райондук ички иштер бодүмүнүн өкүлү - Ө.Атабаев, Алабука райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлү - А.Мырзаев, соттук отурумдун катчысы И. Асанованын катышуусу менен, Алабука райондук ички иштер бөлүмүнүн Алабука райондук мамлекеттик администрациясынын 2000-жылдын 18-октябряндагы № 991-»Б»-буйругун жараксыз деп табуу жөнүндөгү доо арызы боюнча кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2005-жылдын 4-апрелиндеги аныктамасын жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо женүндөгү Алабука райондук ички иштер бөлүмүнүн арызын карап чыгып, (соттук актыны кабыл алган судьялар: А. Альпиева,А. Мухамеджанов, И. Айткулова), тапты: Алабука райондук ички иштер бөлүмү Алабука райондук сотуна Алабука райондук мамлекеттик администрациясынын 2000-жылдын 18-октябрындагы №991- «Б»-буйругун жараксыз деп табуу жөнүндө доо арызы менен кайрылган. Доо арызда доогер 1936-жылы эл депутаттарынын Алабука райондук Кеңешинин Аткаруу комитетинин №192-чечими менен көмөкчү чарба түзүү үчүн Алабука райондук ички иштер бөлүмүнө жер участогу бөлүнүп берилгенин. 1992-жылдын 12-августунда Алабука райондук мамлекеттик администрациясынын №157 «Б»-буйругу менен аталган чечим бекитилгенин. Ал жерге райондук ички иштер белүмүнүн кызматкерлери ар-түркүн бак-дарак тигип, 2-комнатадан турган коттедж, кухня дем алуучу навес, бассейн, 2-комнаталуу кароолкана кургаңдыгын көрсөтүп. Бирок Алабука райондук мамлекеттик администрациясы өзүм билемдик менен 2000-жылдын 18-октябрындагы №991-»Б» буйругун кабыл алып, аталган жер участогун Ош шаарынын тургуну А.Курманалиевге негизсиз бекитип берген деп көрсөтүп, Алабука райондук администрациясынын 2000-жылдын 18-октябрындагы № 991 «Б» буйругун жараксыз деп таап берүүнү сураган. Алабука райондук сотунун 2002-жылдын 18-февралындагы чечими менен доо арыз толугу менен канааттандырылган. Жалалабат областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2004-жылдын 23-декабрындагы аныктамасы менен биринчи инстанциядагы соттун чечими бузулуп, иш кайра кароого Аксы райондук сотуна өткөрүлүп берилген. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|