Өзгөн районунун Караташ айылдык кеңешинин 2007-жылдын 25-январындагы № 25 чечими менен бекитилген
Ош облусунун Өзгөн районунун Караташ айылдык Кеңешинин
КР 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 36-беренесине ылайык күчүн токтотту
I. Бөлүм. Жалпы жоболор
1. Караташ айылдык Кеңеши өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы жана ал ошол территориядагы жашаган граждандар аркылуу жалпы, тең жана тике жол менен жашыруун добуш берүү менен 4 жылга шайланат. 2. Айылдык Кеңештин төрагасы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысы болот жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын милдетин аткарат. 3. Кеңештин компетенциясына кирген иштерге киришүүгө жогорку турган бийлик органдары жана башкармалыктары укуксуз. Территориялык кызыкчылыктарга тиешеси бар маселелер боюнча айыл Кеңеши сессиянын ишине, туруктуу комиссиялардын кеңешмелерине катышуу үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, адиминистративдик ведомстволордун жана өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн чакырышы мүмкүн. 4. Айыл Кеңешинин орун алган жери: Ош областы, Өзгөн району, Караташ айылы. Айылдык Кеңешке караштуу маселелер (полномочиелери) Караташ айылдык кеңешке караштуу негизги маселелерге төмөнкүлөр кирет: - социалдык коргоо, чарбалык, тиричилик, калкты социалдык-маданий тейлөө боюнча иш-чараларды, программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу; - жергиликтүү коммуникациялардын бардык түрүн, көчөлөрдү, жолдорду, билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелерин кармоону уюштуруу; - жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу боюнча көзөмөл жүргүзүү; - территориядагы курулуштардын генералдык планын, архитектуралык чечимдердин, белгиленген курулуш нормаларынын сакталышын координациялоо жана ишке ашыруу; - Анын компетенциясына кирген башка ар кандай Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык маселелер.
2. Бөлүм. Айылдык кеңештин ишкердигин уюштуруу жана анын формалары.
Айылдык кеңештин негизги уюштуруу-укуктук ишинин формасына сессия кирет. Сессия керек болгондо чакырылат, бирок бир жылда бир жолудан кем болбошу керек. Айылдык кеңештин сессиясы жалпы айылдык кеңештин депутаттарынын үчтөн эки бөлүгү катышканда өткөзүлүшү мүмкүн. Сессия өткөрүү мезгилинде айылдык кеңеш депутаттардын ичинен катчыны ачык добушка коюу менен шайлашат. Сессия тарабынан катчыны шайлоо жөнүндөгү токтом кабыл алынат. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|