Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук
№ ЭД-000220/06МД-иши көз. өнд. № 07-000407/06.АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу: Мухамеджанов А.Дж., судьялар: Мамбеталиева А.Дж., Садыков Э.Э., тараптардын өкүлдөрү: жаран Хайдаров А. жана анын өкүлү Исманов Н.И. (16.02.06-ж. № 41 тапшырык ордери), М. Хайдарованын өкүлү Хайдаров Т. (05.02.07-ж. ишеним каты), соттук отурумдун катчысы: Н.Малдыбаевдин катышуусу менен, Хайдаров Акбаралинин Базаркоргон айыл өкмөтүнүн 2002-жылдын 12-мартындагы № 60 буйругун жараксыз деп таап берүү жөнүндөгү доо арызы боюнча кабыл алынган Жалалабат областтык райондор аралык сотунун 2006-жылдын 4-октябрындагы чечимине жана Жалалабат областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2006-жылдын 27-ноябрындагы аныктамасына келтирген Хайдарова Мархабатхандын көзөмөл даттануусун карап чыгып (даттанылып жаткан соттук актыларын кабыл алган судьялар: Айжигитов А.А., Осмоналиев К.Т., Сарыков Ю.С., Кулчунов М.А.), тапты: Хайдаров Акбарали Жалалабат областтык райондор аралык сотуна Базаркоргон айыл өкмөтүнүн 2002-жылдын 12-мартындагы № 60 буйругун жараксыз деп таап берүү жөнүндөгү доо арызы менен кайрылган. Хайдаров Акбарали доого негиз кылып төмөндөгүлөрдү көрсөткөн. Базаркоргон айылындагы Г. Абдурахманов көчөсүндөгү № 60 1951-1953-жылдары курулган турак-жай архивдик маалыматтар жана 1997-жылдын 26-сентябрындагы инвентаризациялык документтер боюнча анын атасы Назаров Хайдарга таандык болгон. Ал үйдө доогердин иниси Хайдаров Рахманали жана анын үй-бүлөсү атасы менен чогуу жашап келишкен. Хайдаров Рахманали 1999-жылы, ал эми Назаров Хайдар 2000-жылы каза болушкан. Атасы каза болгондон кийин Базаркоргон айылындагы Г.Абдурахманов көчөсүндөгү № 60 турак-жай андан мурастык мүлк катары калган. Бирок, буга карабастан доогердин иниси Хайдаров Рахманалинин аялы Хайдарова Мархабатханга Базаркоргон айыл өкмөтүнүн 2001-жылдын 14-ноябрындагы № 267 буйругунун негизинде Хайдаров Рахманалинин каза тапкандыгына байланыштуу, айыл өкмөттүн кожолук китебинде кожо башчысы болуп катталгандыгын эске алып, турак-жай 16,83 сотых жери менен өткөрүлүп берилген жана Базаркоргон райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан турак-жайга менчик ээси катары техникалык паспортун алган. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|