Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук
№ АД-000350/05.Т5. Көзөмөл өндүрүш № 7-359/06АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу: төраганын биринчи орун басары Давлетов А.А., судьялар: Мукамбаева Г.У., Мухамеджанов А.Ж. (баяндоочу-судья), сот отурумунун катчысы: Н. Малдыбаев, тараптардын өкүлдөрү: Талас регионалдык кооперативдер союзунан Молдалиев Ж.Б. жана адвокат Карасартов Т.К.; Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу - Мэриясынын өкүлү Айдыралиев М.Т.; Юнусова А.И. жана анын адвокаты К.Т. Жумаевдин катышуулары менен, ачык соттук отурумда А.Юнусованын Талас шаардык Мэриясы тарабынан берилген 20 кв.м. жерди убактылуу анын менчиги деп таап берүү жөнүндөгү арызынын, Талас регионалдык кооперативдер союзунун Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу - Мэриясынын 2004-жылдын 31-майындагы № 332 токтомун жараксыз деп табууну сураган тосмо арызынын, Б.Мамыратованын Талас шаардык мамлекеттик администрациясынын 2004-жылдын 31-майындагы № 332 токтомун жараксыз деп таап, Юнусова Анархандан келтирилген 6790 сом материалдык зыянды өндүрүүнү сураган тосмо доо арызынын негизинде кабыл алынган Талас областтык сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2006-жылдын 25-майындагы чечимин көзөмөл тартибинде карап берүү жөнүндөгү Талас регионалдык кооперативдер союзунун даттануусун карап чыгып (Саркишев К.Д., Айтымбетов М.Ж., Камбаров Ш.К.) даттанылып жаткан сот актысын кабыл алган судьялар, тапты: 2004-жылдын 8-сентябрында Юнусова Анархан Талас шаардык сотуна Талас шаардык Мэриясы тарабынан берилген 20 кв.м. жерди убактылуу анын менчиги деп таап, жана жоопкерлер Сулайманова Айзада менен Мамыратова Бакбүүдөн төрт ай ичинде ишкерлик жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк беришбей жүргөндүктөрү үчүн 8000 сом өндүрүп берүүнү сурап арыз менен кайрылган. Арыз төмөндөгүчө негизделген. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|