Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2006-жылдын 13-ноябрындагы № АД-000029/06.МД. токтому
АД-000029/06.МД. № 07-293/06АД иши
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу: судья Аманалиева Б.К. судьялар: Айткулова И.В., Мухамеджанов А.Ж. сот отурумунун катчысы: Асаналиева Ч. тараптардын өкүлдөрү: К.Жолдошованын адвокаты А.Мурасатов (табыштоо ордери 13.11.2006 ж.), М.Калыковдун өкүлү И.Калыковдун (ишеним кат 30.05.2006 ж.) катышуусу менен, ачык соттук отурумда Жолдошова Калыйманын Жалалабат областтык агрардык реформа борбору менен Калыков Мажиттин ортосунда 2002-жылдын 10-майында түзүлгөн № 12 сатуу-сатып алуу келишимин, «Кичи Акбаш» дыйкан чарбасынын үйдү Калыков Мажитке сатуу жөнүндөгү айы-күнү көрсөтүлбөгөн протоколун, Кызылтуу айыл Өкмөтүнүн 2002-жылдын 14-октябрындагы № 126 буйругун, Калыков Мажитке 2002-жылдын 26-июлунда берилген турак-жайга болгон менчик укугу тууралуу № 000527 күбөлүктү жана № 9 үйдү сатып алуу үчүн 3445 сом төлөнгөн № 59 кириш ордерин жараксыз деп табуу жөнүндөгү арызы боюнча кабыл алынган Жалалабат областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2006-жылдын 17-августундагы аныктамасына келтирилген Калыков Мажиттин көзөмөл даттануусун карап чыгып (даттанылып жаткан сот актысын кабыл алган судьялар: Калимбетова М.Б., Кубанычбеков Б.К., Чаканов Э.С.), тапты: 2006-жылдын 10-майында Жолдошова Калыйма Жалалабат областтык райондор аралык сотуна Жалалабат областтык агрардык реформа борбору менен Калыков Мажиттин ортосунда 2002-жылдын 10-майында түзүлгөн № 12 сатуу-сатып алуу келишимин, «Кичи Акбаш» дыйкан чарбасынын үйдү Калыков Мажитке сатуу жөнүндөгү айы-күнү көрсөтүлбөгөн протоколун, Кызылтуу айыл Өкмөтүнүн 2002-жылдын 14-октябрындагы № 126 буйругун, Калыков Мажитке 2002-жылдын 26-июлунда берилген турак-жайга болгон менчик укугу тууралуу № 000527 күбөлүктү жараксыз деп табуу жөнүндөгү арызы менен кайрылган. Арызда төмөндөгүлөр көрсөтүлгөн. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|