Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук
№ АД-000055\06МД № 7-396\06АД-иши
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу: судья Мухамеджанов А.Д., судьялар: Садыков Э.Э., Мукамбаева Г.У. (баяндоочу-судья), соттук отурумдун катчысы: Н. Малдыбаевдин катышуусу менен, жаран И. Мадрахимованын Достук айыл өкмөтүнүн 2005-жылдын 24-мартындагы № 31б- жана 2006-жылдын 19-июлундагы № 112-буйруктарын жараксыз деп табуу жөнүндөгү доо арызы боюнча кабыл алынган Жалалабат областтык райондор аралык сотунун 2006-жылдын 20-сентябрындагы чечимине жана Жалалабат областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2006-жылдын 31-октябрындагы аныктамасына келтирилген жаран С. Омуркулованын көзөмөл иретиндеги даттануусун карап чыгып (соттук актыны кабыл алган судьялар: М. Алаев, К. Осмоналиев, Ю. Сарыков, Э. Чаканов), тапты: Жаран И.Мадрахимова Жалалабат областтык райондор аралык сотуна Достук айыл өкмөтүнүн 2005-жылдын 24-мартындагы № 31б- жана 2006-жылдын 19-июлундагы № 112-буйруктарын жараксыз деп табуу жөнүндөгү доо арызы менен кайрылган. Доо арызда доогер 1989-жылдан бери Достук айыл өкмөтүнө караштуу Шаркыратма участкасында жашап келе жаткандыгын, дыйкан чарбанын мүчөсү экендигин, Достук айыл өкмөтү менен 2006-жылдын 11-апрелиндеги түзүлгөн келишим жана Достук айыл өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги № 15 сандуу токтомунун негизинде көп жылдан бери пайдаланып, бак-дарак отургузганын эске алып үйүнүн артындагы 0,03 га жер аянты ага ижарага берилгендигин, 2006-жылдын 19-июлундагы № 112 сандуу токтому менен 2006-жылдын 12-апрелиндеги № 15 сандуу токтомун жокко чыгарып ал пайдаланып келе жаткан жерди № 31б сандуу 2006-жылдын 24-мартындагы буйруктун негизинде С.Омуркуловага турак-жай куруу үчүн бергендигин көрсөтүп доо арызды канааттандырууну сурайт. Жалалабат областтык райондор аралык сотунун 2006-жылдын 20-сентябрындагы чечими менен Достук айыл өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-июлундагы № 112-буйругу жараксыз деп табылган. Ал эми доогердин Достук айыл өкмөтүнүн 2005-жылдын 24-мартындагы № 31б-буйругун жараксыз деп табуу жөнүндөгү доо талабы, аны кайра кайтаруу жөнүндө доогер өтүнүч келтиргендигине байланыштуу кароосуз калтырылган. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|