Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2006-жылдын 9-ноябрындагы № АД-000017/06.МО токтому
№ АД-000017/06.МО. № 07-283/06АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: Төрагалык кылуучу: төраганын орун басары Альпиева А.Н. Судьялар: Мукамбаева Г.У., Мухамеджанов А.Ж. сот отурумунун катчысы: Асаналиева Ч.С. тараптардын өкүлдөрү: Рахматова Т. жана анын адвокаты Насирова Т. (табыштоо ордери №583); Каракулжа айыл Өкмөтүнөн Абдылда уулу Мурсалбек (ишеним кат №155), Каракулжа райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармасынан Азимов К. (ишеним кат №136 04.11.2006-ж.); ачык соттук отурумда «Кара-Кулжа Автотранс» Ачык типтеги акционердик коомунун Каракулжа айыл Өкмөтүнүн 2002-жылдын 21-ноябрындагы № 243 токтомун жараксыз деп табуу жөнүндөгү арызы боюнча кабыл алынган Ош областынын райондор аралык сотунун 2006-жылдын 6-мартындагы чечимине, Ош областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2006-жылдын 26-апрелиндеги аныктамасына келтирилген «Кара-Кулжа Автотранс» Ачык типтеги акционердик коомунун көзөмөл даттануусун карап чыгып, (даттанылып жаткан сот актыларын кабыл алган судьялар: Алибаев А.И., Момбеков К.А., Курбанова Ч.Ж., Арапбаев Н.М.) тапты: 2006-жылдын 6-январында «Кара-Кулжа Автотранс» Ачык типтеги акционердик коому Ош областтык райондор аралык сотуна Каракулжа айыл Өкмөтүнүн 2002-жылдын 21-ноябрындагы № 243 токтомун жараксыз деп табуу жөнүндөгү арызы менен кайрылган. Арызда төмөндөгү жүйөөлөр келтирилген. 2001-жылдын 12-июнунда «Кара-Кулжа Автотранс» Ачык типтеги акционердик коомунун директору Чоюнов Сталбек Рахматова Тамарага ишкананын аймагына дүкөн курууга уруксат берген. Каракулжа айыл Өкмөтү тарабынан 2002-жылдын 21-ноябрында № 243 токтом менен жоопкер Рахматова Тамарага «Кара-Кулжа Автотранс» Ачык типтеги акционердик коомуна тиешелүү болгон жер участогуна дүкөн курууга мыйзамсыз уруксат берилип акционердик коомдун жерге болгон укуктары бузулуп жатат, ошондуктан даттанылып жаткан токтом жараксыз деп табылууга жатат деп арыз негизделген. Ош областтык райондор аралык сотунун 2006-жылдын 6-мартындагы чечими менен арыз негизсиз деп табылып канааттандыруусуз калтырылган. Ош областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2006-жылдын 26-апрелиндеги аныктамасы менен Ош областтык райондор аралык сотунун 2006-жылдын 6-мартындагы чечими өзгөртүүсүз, ал эми апелляциялык арыз канааттандыруусуз калтырылган. «Кара-Кулжа Автотранс» Ачык типтеги акционердик коомунан мамлекеттик бюджеттин пайдасына 490 сом мамлекеттик алым өндүрүлгөн. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|