Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук
№ 07-000365/06.АД-иши
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу: судья Мухамеджанов А.Дж., судьялары: Мукамбаева Г.У., Садыков Э.Э., тараптар: «Чойбек» фермердик чарбасынын башчысы Оморов А., жаран Султанакунов Б., Нарын областтык мамлекеттик администрациясынын өкүлү Эсенбеков Р. (20.09.06-ж. иш. кат), сот жыйынынын катчысы И. Асанованын катышуусу менен, ачык соттук отурумда «Чойбек» фермердик чарбасынын Нарын областтык мамлекеттик администрациясынын 2001-жылдын 6-апрелиндеги № 93 «б» буйругун жана Атбашы райондук жер жана агрардык реформа борборунун 1998-жылдын 20-июнундагы № 17 мүлк үлүшүнө болгон укук күбөлүгүн жараксыз деп табуу жөнүндө доосу боюнча кабыл алынган Нарын областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2006-жылдын 20-сентябрындагы аныктамасына келтирген «Чойбек» фермердик чарбасынын көзөмөл даттануусун карап чыгып (судьялар: Бектурова А.А., Сартов А., Рахматов Т.О.), тапты: «Чойбек» фермердик чарбасы Нарын областтык райондор аралык сотуна Нарын областтык мамлекеттик администрациясынын Султанакунов Бейшенаалыга «Канакай» кыштоосуна тиешелүү болгон мал жайытты берүү жөнүндөгү 2001-жылдын 6-апрелиндеги № 93 «б» буйругун жокко чыгаруу жана жайытты доогерге чечип берүү тууралуу доо арызы менен кайрылган. Иш каралып жаткан учурда «Чойбек» фермердик чарбасы доо арызга толуктоо киргизип, Султанакунов Бейшенаалынын наамына берилген Атбашы райондук жер жана агрардык реформа борборунун 1998-жылдын 20-июнундагы № 17 мүлк үлүшүнө болгон укук күбөлүгүн да жараксыз таап берүүнү сураган. Нарын областтык райондор аралык сотунун 2005-жылдын 20-январындагы чечими менен Нарын областтык мамлекеттик администрациясынын 2001-жылдын 6-апрелиндеги № 93 «б» буйругунун 11-бөлүгү жокко чыгарылып, Атбашы райондук жер жана агрардык реформа борборунун 1998-жылдын 20-июнундагы № 17 мүлк үлүшүнө болгон укук күбөлүгү жараксыз деп табылган. Нарын областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча коллегиясынын 2005-жылдын 18-ноябрындагы чечими менен Нарын областтык райондор аралык сотунун 2005-жылдын 20-январындагы чечими бузулуп, иш боюнча доону канааттандыруусуз калтыруу жөнүндө жаңы чечим кабыл алынган. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|