Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2007-жылдын 22-январындагы № 07-000338/06.АД токтому
№ 07-000338/06.АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу: судья Мухамеджанов А.Дж., судьялар: Мукамбаева Г.У., Садыков Э.Э., сот жыйынын катчысы: Н.Малдыбаевдин, тараптардын өкүлдөрү: жаран Н.Т.Тургунованын катышуусу менен, ачык соттук отурумда жаран Арипова Диларамхандын Өзгөн шаар башкармасына, Өзгөн райондук мамкаттоо башкармасына, Өзгөн шаар башкармасынын № 16 «Кумлик» кварталдык комитетине, таламдаш жактар - Мухамадин кызы Замираханга жана Тургунова Назираханга карата Өзгөн шаар башкармасынын 2004-жылдын 16-февралындагы № 82, 2003-жылдын 23- июнундагы № 290 токтомдорун, № 16 «Кумлик» жана № 2 «Кайрагач» кварталдык комитеттеринин протоколдорун, № 5 кварталдын № 15 участкасына берилген 2005-жылдын 27-июнундагы №5434 мамлекеттик актысын жараксыз деп, Өзгөн шаарынын № 5 кварталынын № 13 жана 15 участокторунун менчик ээси деп табуу жөнүндө доо арызы боюнча кабыл алынган Ош областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2006-жылдын 28-августундагы токтомун көзөмөл тартибинде карап берүү тууралуу жарандар Арипова Диларамхандын жана Арипов Кадыржандын даттануусун карап чыгып, (судьялар: Маматалиев К.С., Ханкельдиева Н.К., Шакиров А.Ш.) тапты: Арипова Дилорамхон Ош областынын райондор аралык сотуна Өзгөн шаар башкармасына, Өзгөн райондук мамкаттоо башкармасына, Өзгөн шаар башкармасынын № 16 «Кумлик» кварталадык комитетине, таламдаш жактар - Мухамадин кызы Замираханга жана Тургунова Назираханга карата доо арыз менен кайрылып, анда Өзгөн шаар башкармасынын 2004-жылдын 16-февралындагы № 82, 2003-жылдын 23-июнундагы № 290 токтомдорун, № 16 «Кумлик» жана № 2 «Кайрагач» кварталдык комитеттеринин протоколдорун, № 5 кварталдын № 15 участкасына берилген 2005-жылдын 27-июнундагы № 5434 мамлекеттик актысын жараксыз деп жана Өзгөн шаарынын № 5 кварталынын № 13 жана 15 участокторунун менчик ээси деп табууну сураган. Доо арызга негиз кылып, Арипова Д. көрүстөн болуп эсептелинген жерден № 521-контур жер участогунда жайгашкан 1.0 га жараксыз жерди Өзгөн совхозунун директорунун уруксааты менен алып, 1982-жылдан бери насос менен суу чыгарып, өздөштүрүп, жаңгак, тыт, терек көчөттөрүн тигип, эч турак жай курбастан үй-бүлөөсү менен иштетип келгендигин жана «Баш-Дөбө» айыл өкмөтүнүн 2001-жылдын 16-мартындагы № 26 сандуу токтомунун негизинде ал жер ага эмгектин ардагерине катары бекитилип берилгендигин, 5 жылдан бери жер салыгын калтырбай төлөп келе жаткандыгын көрсөткөн. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|