Мүлктү байкабастыктан жок кылуу же зыянга учуратуу кылмыштын башка кылмыштарга байланыштуу жасалганда, алардын жыйындысы боюнча квалификациялоо тажрыйбасындагы айрым маселелер жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленуму, соттордун бирөөнүн мүлкүн ири өлчөмдө байкабастыктан жок кылуу же зыянга учуратуу жөнүндө кылмыш иштерди кароо тажрыйбасын карап чыгып, андай байкабастыктан келтирилген ири өлчөмдөгү материалдык зыян боюнча жоопкерчилик каралбаганы бөтөнчө транспорт каражаттарынын кыймылын жана пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу (Кыргыз Республикасынын КЖКнын 281-ст.), автомобиль жолдорун пайдалануу жана аларды коргоо эрежелерин бузуу (Кыргыз Республикасынын КЖКнын 285-ст.), автомобилди же башка автотранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу (Кыргыз Республикасынын КЖКнын 172-ст.) сыяктуу кылмыштардан келтирилсе кылмыштардын жыйындысы боюнча квалификациялоо тажрыйбасы бир түрдүү эмес экендигин белгилейт. Кыргыз Республикасынын КЖКнын 176-статьясында каралган кылмыштык кесепетинен келтирилген ири өлчөмдөгү материалдык зыян тергөө органы жана сот тарабынан тийиштүү тартипте туура бааланып аныкталышы керек. Айрым учурларда материалдык зыяндын туура эмес аныкталышынан мыйзамсыз кылмыш жообуна тартуу же туура эмес кылмыш жоопкерчилигинен куткаруу учурлары кездешет. Ошондой эле мүлктү байкабастыктан жок кылуу же зыянга учуратууга байланыштуу иштер жабырлануучунун жеке арызы боюнча гана козголоору эске алынбаган учурлар да орун алган. Көрсөтүлгөн кемчиликтерди четтетүү максатында жана сот ишинде бул маселе боюнча түшүндүрмө берүү зарылчылыгынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Пленуму «Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө» мыйзамдын 15-статьясын жетекчилигине алып, токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Кылмыш Жаза Кодексинин (мындан ары КР КЖК) бирден бир максаты жана милдети жарандардын менчигин кылмыштуу кол салуудан коргоо болуп эсептелет. Ири өлчөмдөгү мүлктү байкабастыктан жок кылуу же зыянга учуратуу жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын КЖКнын 176-статьясында каралган жана ал байкабастыктан жасалган жана чоң коркунуч келтирбеген кылмыш болуп саналат (КР КЖКнын 10-ст.). Мүлктү байкабастыктан жок кылуу же зыянга учуратууга байланыштуу иштер жабырлануучунун жеке арызы боюнча гана сот иши жүргүзүлөт, башкача айтканда арызсыз жазык ишин козгоого болбойт жана козголгон иш өндүрүштөн кыскартылууга жатат (КР КЖКнын 28-ст. 4-п., 159-ст. 1-6.). Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|