Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча
№ АД-000031/05.МН көзөмөл өндүрүш № 07-405/06АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу: судья Альпиева А.Н., судьялар: Мукамбаева Г.У., Мухамеджанов А.Ж. (баяндоочу-судья), сот отурумунун катчысы: Асанова И., тараптардын өкүлдөрү: М.Абдыкадыровдун өкүлү Токтакунова Р. (ишеним кат 30.11.2006-ж.) жана анын адвокаты О.Мадинов (табыштоо ордери № 273), Нарын областтык Адилет башкармасынын жана Нарын областтык биринчи нотариалдык конторасынын өкүлү Жакыпова Г.Д. (ишеним кат № 01-15/51 09.03.2007-ж.); Нарын райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармасынын өкүлү Шадыканов Н.Н. (ишеним кат № 61 09.03.2007-ж.), ачык соттук отурумунда М. Абдыкадыровдун Нарын областтык биринчи нотариалдык конторасы тарабынан 2005-жылдын 14-июлунда түзүлгөн үйдү сатууга берилген ишеним катты, 2005-жылдын 1-августундагы үйдү сатуу жана сатып алуу боюнча түзүлгөн келишимин, Нарын райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы тарабынан 2005-жылдын 3-августунда жүргүзүлгөн менчик укугун каттоо номерин жокко чыгаруу жөнүндөгү арызы боюнча жана Ж.Идирисованын сатуу, сатып алуу келишимин анык деп таап, Нарын шаарынын Кулумбаев көчөсүндөгү № 14 үйдөн квартиранттарды чыгарып берүү жөнүндөгү тосмо арызы боюнча чыгарылган Нарын райондор аралык сотунун 2006-жылдын 26-майдагы чечимине жана Нарын областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2006-жылдын 19-июлундагы аныктамасына карата келтирген М.Абдыкадыровдун даттануусун карап (даттанылып жаткан сот актыларын кабыл алган судьялар: Б. Беккулуева, Ж. Омурзаков, Ж. Ибраева, А. Аскалиев), тапты: 2005-жылдын 25-октябрында Абдыкадыров Маратбек Нарын областтык райондор аралык сотуна арыз менен кайрылып, анда Нарын областтык биринчи нотариалдык конторасы тарабынан 2005-жылдын 14-июлунда түзүлгөн үйдү сатууга берилген ишеним катты, 2005-жылдын 1-августундагы үйдү сатуу жана сатып алуу боюнча түзүлгөн келишимин, Нарын райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы тарабынан 2005-жылдын 3-августунда жүргүзүлгөн менчик укугун каттоо номерин жокко чыгарууну сураган. Арыз төмөндөгүчө негизделген. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|