«2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү Стратегиясы жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө байланышкан маселелерди бириктирүү жана шайкеш саясатты жүргүзүү, социалдык-экономикалык маселелерди комплекстүү чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиевдин 2007-жылдын 16-майындагы № 249 жарлыгы менен «Өлкөнү 2007-2010-жылдарда өнүктүрүүнүн стратегиясы» (ӨӨС) бекитилди. Өлкөнү өнүктүрүүнүн Стратегиясы (ӨӨС) Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнүн орточо келечегин, өлкөнү 2007-2010-жылдарда өнүктүрүүнүн жана аракеттердин негизги багыттарын аныктаган маанилүү концептуалдык документ болуп саналат. ӨӨСтүн жалпы максаты бул экономикалык туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу аркылуу калктын жашоо шарттарын жакшыртуу жана деңгээлдерин көтөрүү. Калкты толук иш менен камсыз кылууга, алардын туруктуу жана жогорку кирешелерди алууларына шарттарды түзүү, жашоонун жогорку стандарттарын сактоо, социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири спектрин камсыз кылуу. Кыргызстандын өнүгүүсүнүн жаңы орточо убакыттагы болжолун иштеп чыгуу жана бекитүүнүн актуалдуулугу биринчи кезекте республикабызда акыркы жылдарда саясый социалдык өзгөрүүлөрдүн жана жаңылануулардын болгондугу менен шартталат. Өлкөбүздүн калкы жаңы жетекчиликке мамлекетти өнүктүрүү келечектери жана мүмкүнчүлүктөрү боюнча жаңы үмүттөрдү жана күтүүлөрдү аркалашууда. Мындан сырткары бул документти кабыл алуунун зарылчылыгы кедейликти кыскартуу боюнча 2003-2005-жылдарга эсептелген улуттук Стратегияны жүзөгө ашыруунун аяктоосу менен түшүндүрүлөт. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|