Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2007-жылдын 31-майындагы № 293/1 буйругу менен бекитилди
2007-2008-окуу жылында Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү программаларын
КР 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 36-беренесине ылайык күчүн токтотту
Бул Эрежелер Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндөгү» Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюмдары жөнүндөгү» Жобого ылайык иштелип чыкты.
1.1. Бул Эрежелер уюштуруучулук-укук формаларына (ведомстволук баш ийүүсүнө, менчиктүүлүк формасына) карабастан, Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү (мындан ары - КООЖ) программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарына кабыл алууну жөнгө салат. 1.2. КООЖдорго Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлөрдүн кыргыз улутундагы жарандары, негизги орто жана жалпы орто билимдери бар Кыргыз Республикасында жашаган чет өлкөлүк жана жарандыгы жок адамдар КООЖдорго кабыл алынат. 1.3. КООЖдорго кабыл алууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, эларалык келишимдер менен макулдашуулар тарабынан белгиленген жарандык укуктардын сакталышы камсыз кылынат. 1.4. КООЖдорго кабыл алуу конкурстук негизде ишке ашырылат. Конкурстун шарттары жарандардын билим берүү жаатындагы укуктарын сактоо кепилдикке алынып, алардын айрыкча жөндөмдүүлөрү менен кесиптик орто билимди өздөштүрүүгө даярдыктары бар жарандарды эсепке алууну камсыз кылат. 1.5. Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен окууга (мамлекеттик билим берүү гранттарынын ээлери) кабыл алуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мамлекеттик заказы тарабынан аныкталуучу контролдук сандарынын негизинде Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги тарабынан белгиленет. 1.6. Республиканын бюджеттик каражаттарынын, ошондой эле келишим (акы төлөө) негизинде окуп жаткандардын контингентинин чеги кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын уюштуруучулук-укук формаларына карабастан Министрлик тарабынан белгиленет. 1.7. КООЖдор Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Классификаторунун (кесиптик орто билим берүү) Тизмесине ылайык тийиштүү адистиктер боюнча кесиптик орто билим берүү программаларын ишке ашыруунун шарттары болгондо гана жарандарды окутууга кабыл алууну жарыялоого укуктуу болуп эсептелет. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|