№ 17(4)ЕКО/Kryg/93 Пакистандын Өкмөтү Экономика жана Статистика министрлиги (Экономикалык иштер боюнча бөлүм) Исламабад, 2006-жылдын 4-январы Хина Раббани Кар Мамлекеттик министр тел: 092-051-92-03439 Факс: 092-051-9214716 Предмети: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТЫШКЫ КАРЫЗЫН ГРАНТКА КОНВЕРСИЯЛОО
Улуу Мартабалуу мырза, Кыргыз Республикасынын карызын конверсиялоо жаатындагы Сиздин 2005-жылдын 13-октябрындагы № 141005-8-10-2/8272 катыңыз боюнча төмөндөгүлөрдү билдиребиз. 1. Пакистан Ислам Өкмөтүнүн атынан мен биздин эки тарап достук консультациялардын натыйжасында төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашкандыгын сыймыктануу менен ырастап кетмекчимин:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өтүнүчүнө ылайык Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасына 1993-жылдын майында түзүлгөн Макулдашууга ылайык берилген карызды конверсиялоо жүргүзүүгө макул болду, ал 2000-жылдын октябрында түзүлгөн карызды реструктуризациялоо жөнүндө Макулдашуу менен алмаштырылган, ага 2004-жылдын январында Париждик Клубдун 2002-жылдын 7-мартындагы Протоколуна ылайык карызды төлөө боюнча агымдарды грантка реструктуризациялоо каралат. 2. Мен ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2005-жылдын 1-декабрындагы № 8-10-2/9410 катына карата тиркемеде көрсөтүлгөндөй 2005-жылдын 30-сентябрына карата алынган абал боюнча АКШнын 9,589 млн. долларын түзөрүн, ал толугу менен грантта конверсияланарын ырастап кетмекчимин. 3. Эгерде Улуу Мартабалуу мырза Сиз өзүңүздүн жообуңузда жогоруда баяндалгандарды ырастасаңыз, анда ушул кат жана Сиздин жообуңуз Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашуу болуп калат. 4. Улуу Мартабалуу мырза Сизди терең урматтоо жана бардык эң мыкты тилектерди каалоо менен.
Хинна Раббани Кар Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржы министри Улуу Мартабалуу Акылбек Жапаров мырзага Бишкек шаары Эркиндик бульвары 58, 720040 Кимге: пакистан Ислам Республикасынын Мамлекеттик Министри Улуу Мартабалуу Хине Раббани Кар айымга Кимден: Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаровдон Предмети: Кыргыз Республикасынын тышкы карызын грантка конверсиялоо
Улуу Мартабалуу, Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|