Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча
№ АД-000015/06.Д4-иши көзөмөл өндүрүшү № 07-000120/07.АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: Төрагалык кылуучу судья Мухамеджанов А.Ж. судьялар: Аманалиева Б.К. жана Мамбеталиева А.Дж. (баяндамачы-судья), сот жыйынынын катчысы: Н. Малдыбаев, тараптардан: А. Тургунбаеванын (паспорт № А0392564) анын өкүлү Б. Калыбековдун, Жалалабат областынын администрациясынан - О.Наркуловдун (күб. № 014) жана «Барпы» атындагы театрынын өкүлү - А. Абдыкадыровдун (паспорт № А1161516) катышуусу менен, доогер А.Тургунбаеванын Жалалабат областынын мамлекеттик администрациясынан жана «Курманбек-500» дирекциясынан 89400 сом өндүрүп берүү жөнүндөгү доо арызы боюнча кабыл алынган Жалалабат шаардык сотунун 2006-жылдын 29-сентябрындагы жана Жалалабат областтык сотунун экономикалык жана административдик соттук коллегиясынын 2007-жылдын 12-январындагы аныктамаларына келтирилген Жалалабат областынын мамлекеттик администрациясынын көзөмөл даттануусун карап чыгып, (соттук актыны кабыл алган судьялар: Илиязов К.Т., Осмоналиев К.Т., Сарыков Ю.С., Кулчуков М.А.) тапты: Жаран А. Тургунбаева Жалалабат шаардык сотуна Жалалабат областынын мамлекеттик администрациясынан жана «Курманбек-500» дирекциясынан 89400 сом өндүрүп берүү жөнүндөгү доо арыз менен кайрылган. Жалалабат шаардык сотунун 2003-жылдын 30-октябрындагы чечими менен доогер А.Тургунбаеванын доо арызы канааттандырылып, Жалалабат областынын мамлекеттик администрациясынан жана «Курманбек-500» дирекциясынан 89400 сом өндүрүлүп берилген. Жалалабат областтык сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2006-жылдын 17-апрелиндеги токтому менен Жалалабат шаардык сотунун 2003-жылдын 30-октябрындагы чечими күчүндө калтырылган. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2006-жылдын 12-июлундагы токтому менен биринчи жана кассациялык инстанцияларда иш боюнча кабыл алынган соттук актылар күчүндө калтырылган. 2006-жылдын 1-сентябрында Жалалабат областынын мамлекеттик администрациясы жана «Курманбек-500» дирекциясы Жалалабат шаардык сотунун 2003-жылдын 30-октябрындагы чечимин жаңы пайда болгон жагдайлар боюнча кайра карап берүү жөнүндөгү арыз менен кайрылган. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|