Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча
Иш № ЭД-177/06МД көзөмөл өндүрүш № 07-175/07ЭД
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу: судья Мамбеталиева А.Ж., судьялар: Сыдыков О.С., Мухамеджанов А.Ж. (баяндоочу-судья), сот отурумунун катчысы: Б.Касымова, тараптардын өкүлдөрү: Жалалабат областтык Социалдык фонд башкармасынан Акматов Т. (ишеним кат 30.05.2007-ж.); «Сейдикум» айыл өкмөтүнөн Кудайбердиев А.К. (ишеним кат № 28 04.06.2007-ж.) катышуулары менен, ачык соттук отурумда Базаркоргон районунун прокурорунун Базаркоргон райондук Социалдык фонд бөлүмүнүн кызыкчылыгын көздөп жоопкер «Сейдикум» айыл өкмөтүнөн 278429 сом камсыздоо төгүмдү өндүрүү жөнүндөгү доо арызы боюнча чыгарылган Жалалабат областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2006-жылдын 17-октябрындагы чечимине карата келтирген Жалалабат областтык Социалдык фонддун башкармасынын даттануусун карап (даттанылып жаткан сот актысын кабыл алган судьялар: Калимбетова М.Б., Чаканов Э.С., Кубанычбеков Б.К.), тапты: 2006-жылдын 21-июнунда Базаркоргон районунун прокурору Жалалабат областтык райондор аралык сотуна Базаркоргон райондук Социалдык фонд бөлүмүнүн кызыкчылыгын көздөп жоопкер «Сейдикум» айыл өкмөтүнөн 278429 сом камсыздоо төгүмдү өндүрүү жөнүндөгү доо арызы менен кайрылган. Арызда төмөндөгү жүйөөлөр көрсөтүлгөн. Жоопкер «Сейдикум» айыл өкмөтү 2006-жылдын 10-июнуна карата камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча Базаркоргон райондук Социалдык фонд бөлүмүнө 278429 сом карыз, бул карызды төлөө боюнча бир нече жолу жоопкерге сунуш жөнөтүлгөн, бирок жоопкер тарабынан камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карызды төлөө боюнча эч кандай чара көрүлгөн эмес, ошондуктан социалдык фонд бөлүмүнө камсыздандыруу төлөмдөрдү сот тарабынан өндүрүлүүгө жатат. Жалалабат областтык райондор аралык сотунун 2006-жылдын 27-июлундагы чечими менен «Сейдикум» айыл өкмөтүнөн 278429 сом камсыздоо төгүмү өндүрүлгөн. Мындан тышкары, «Сейдикум» айыл өкмөтүнөн республикалык бюджеттин пайдасына 10853 сом өндүрүлгөн. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|