Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2007-жылдын 31-майындагы № АД-000246/06МО токтому
№ АД-000246/06МО №7-185/07АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу судья Мухамеджанов А.Д., судьялар: Альпиева А.Н., Сыдыков О.С, (баяндамачы-судья), С.Ажимуратова, С.Сыражидиновдун өкүлү - С.Шакиров (ордер-пор. №20), соттук отурумдун катчысы Б.Касымованын катышуусу менен, жаран С.Сыражидиновдун Бел айыл өкмөтүнүн 2002-жылдын 12-июлундагы № 884-токтомун жараксыз деп табуу жөнүндөгү арызынын негизинде чыгарылган Ош областтык райондор аралык сотунун 2006-жылдын 29-ноябрындагы чечимине жана Ош областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2007-жылдын 30-мартындагы аныктамасына карата келтирген С.Ажимуратова жана А.Мурзахмедовдун көзөмөл тартибиндеги даттануусун карап, (соттук актыларды кабыл алышкан судьялар: А.Алибаев, Н.Арапбаев, Р.Каримова, Ч.Курбанова) тапты: Жаран С.Сыражидинов Бел айыл өкмөтүнө, М.Мурзахмедовго карата Бел айыл өкмөтүнүн 2002-жылдын 12-июлундагы №884-токтомун жараксыз деп табуу жөнүндөгү арызы менен Ош областтык райондор аралык сотуна кайрылган. Ош областтык райондор аралык сотунун 2006-жылдын 29-ноябрындагы чечими менен арыз негиздүү деп табылып, Бел айыл өкмөтүнүн 2002-жылдын 12-июлундагы № 884-токтому жараксыз деп табылган. Биринчи инстанциядагы соттун чечими менен макул болбостон, М.Мурзахмедовдун аялы С.Ажимуратова Ош областтык сотуна кассациялык даттануу менен кайрылган. Ош областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2007-жылдын 30-мартындагы аныктамасы менен С.Ажимуратованын кассациялык даттануусу кайтарылып берилген. Кассация инстанциядагы сот өз аныктамасында Бел айыл өкмөтүнүн 2002-жылдын 12-июлундагы №884-токтому менен М.Мурзахмедовго турак жай жер аянты менен анын менчигине бекитилип берилгендигин, ал эми М.Мурзахмедов менен С.Ажимуратова 1986-жылы сот аркылуу ажырашкандыгын, андыктан Ош областтык райондор аралык сотунун 2006-жылдын 29-ноябрындагы Бел айыл өкмөтүнүн токтому жараксыз деп табуу жөнүндөгү чечими менен С.Ажимуратованын кызыкчылыгын же укугун бузбайт, Кыргыз Респубикасынын Жарандык процесстик кодексинин 337-1-статьясына ылайык райондук соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген актыларына карата ишке катышкан, жана ишке катышууга тартылбаган, бирок алардын укуктары менен милдеттерине карата сот чечим кабыл алган адамдар да кассациялык даттануу берүүгө укуктуу, мындай жагдайда С.Ажимуратова кассациялык даттануу берүүгө укугу жок деп көрсөткөн. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|