Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча
№ АД-000247/06.МО.-иши көзөмөл өндүрүш № 07-000173/07.АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: Төрагалык кылуучу: судья Мухамеджанов А.Дж., Судьялар: Альпиева А.Н., Мамбеталиева А.Дж., Сот отурумунун катчысы: Малдыбаев Н., Тараптар: доогер - Камчыбек Өмүрзаковдун өкүлү - Зебикан Өмүрзакова (2007-жылдын 6-мартындагы ишеним каты); Канатбек Рысалиев жана анын өкүлү - Курсанаали Рысалиев (2007-жылдын 18-апрелиндеги ишеним каты), соттун ачык отурумунда жаран Камчыбек Өмүрзаковдун Кароол айыл өкмөтүнүн 2001-жылдын 21-февралындагы № 21 токтомун жокко чыгарып берүү жөнүндөгү арызы боюнча кабыл алынган Ош областтык райондор аралык сотунун 2007-жылдын 9-январындагы чечимин жана Ош областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2007-жылдын 19-мартындагы аныктамасын көзөмөл тартибинде карап берүү жөнүндөгү Курсанаали Рысалиевдин даттануусун карап чыгып (соттук актыны кабыл алган судьялар: Алибаев А.И., Арапбаев Н.М., Каримова Р.А., Курбанова Ч.Ж.), тапты: Доогер Өмүрзаков Камчыбек Аманович Кароол айыл өкмөтүнө, үчүнчү жак Рысалиев Курсант Сатыкановичке карата Кароол айыл өкмөтүнүн 2001-жылдын 21-февралындагы № 21 токтомун жокко чыгарып берүү жөнүндөгү арызы менен Ош областтык райондор аралык сотуна кайрылган. Арызда 1999-жылдын 5-январындагы Кароол айыл өкмөтүнө караштуу «Аман» Дыйкан чарбасынын кезектеги чогулушунун чечиминин, «Аман» Дыйкан чарбасынын 1999-жылдын 10-февралындагы № 1 буйругунун, Кароол айыл өкмөтүнүн 1999-жылдын 13-февралындагы № 13 токтомунун, Өзгөн райондук жер жана агрардык реформа борборунун 1999-жылдын 16-декабрындагы № 85 буйругунун, 1999-жылдын 16-декабрындагы № 135 менчик укугу жөнүндөгү Күбөлүктүн негизинде Өмүрзаков Камчыбекке таандык болгон тамеки сарайынын «Багун» имараты Кароол айыл өкмөтүнүн 2001-жылдын 21-февралындагы № 21 токтому менен мыйзамсыз түрдө, анын укугун бузуп, Рысалиев Курсантка бөлүнүп берилгенин көрсөткөн. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|