Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча
№ АД-000016/06.МД-иши көз.өнд. № 07-000170/07.АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу: судья Сыдыков О.С., судьялар: Маатов С. жана Мамбеталиева А.Дж. (баяндамачы-судья), сот жыйынынын катчысы: Н.Малдыбаевдын, тараптардан: доогер - М.Жолболбуевдин (паспорт № А2350291), үчүнчү жак - М.Караевдин (паспорт № А03106) катышуусу менен, жаран М.Жолболдуевдин 1999-жылдын 16-февралындагы пайдалануу укугу тууралуу № 021657 сандагы мамлекеттик актыны жана аны алууга негиз болгон Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 1999-жылдын 15-февралындагы № 80 буйругун, Сузак райондук жер жана агрардык реформа боюнча борборунун 2004-жылдын 17-майдагы № 21 менчик укугу тууралуу күбөлүгүн, 2004-жылдын 1-сентябрындагы менчик укугу тууралуу № 0026593 сандагы мамлекеттик актыны жана аны алууга негиз болгон Сузак айыл өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 252 буйругун жана 2004-жылдын № 1-2337 сандагы сатуу сатып алуу келишимдерин жокко чыгарууну, жер аянтына жана сарай менен чабандык үйгө укугун таануу боюнча чечим чыгарып берүү жөнүндөгү доо арызы боюнча кабыл алынган Жалалабад областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2007-жылдын 28-февралындагы аныктамасына карата келтирилген М.Караевдин көзөмөл даттануусун карап чыгып (соттук актыны кабыл алган судьялар: Айжигитов А., Калматов Т., Иманкулов Э., Сарыков Ю.С.), тапты: Жаран М.Жолболдуев Жалалабат областтык райондор аралык сотуна Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 1999-жылдын 15-февралындагы № 80-буйругун, Сузак айыл өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 252-буйругун, Сузак райондук жер жана агрардык реформа борбору тарабынан берилген 2004-жылдын 17-майындагы № 21-күбөлүгүн, Сузак райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасы тарабынан 1999-жылдын 16-февралында берилген № 021657-, 2004-жылдын 1-сентябрында берилген № 0026593-мамлекеттик актыларын жана 2004-жылдын № 1-2337 сандагы сатуу сатып алуу келишимин жараксыз деп таап, жер аянтына жана сарай менен чабандык үйгө болгон укугун таануу жөнүндөгү доо арызы менен кайрылган. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|