Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча
№ АД-0000312/06Т4 № 07-000154\07АД-иши
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу: судья Мухамеджанов А.Д., судьялар: Мукамбаева Г.У., Аманалиева Б.К., (баяндоочу-судья), «Ырыс» дыйкан чарбасынын башчысы - Э. Алымбеков, Талас райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлү - Б. Сейдибалиев (2007-жылдын 3-майында берилген № 125 сандуу ишеним кат), соттук отурумдун катчысы Н. Малдыбаевдин катышуусу менен, «Ырыс» дыйкан чарбасынын Талас райондук мамлекеттик администрациясына карата 98373 сом 20 тыйын өндүрүү жөнүндөгү доо арызынын негизинде чыгарылган Талас областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2007-жылдын 7-февралындагы чечимине карата келтирилген Талас райондук мамлекеттик администрациясынын даттануусун карап (соттук актыны кабыл алган судьялар: Т.Бердикеев, М.Айтымбетов, А.Молдобаев), тапты: «Ырыс» дыйкан чарбасы Талас райондук сотуна Талас райондук мамлекеттик администрациясынан 98373,20 сом чыгымын өндүрүү жөнүндөгү доо арызы менен кайрылган. Доо арызда доогер 1995-жылы Талас районунун жерге жайгаштыруу борбору менен түзүлгөн ижара келишимдин негизинде ижарага 49,9 га жер бөлүнүп берилгендигин, келишимдин шарты боюнча ижара мөөнөтү беш жыл деп белгиленгендигин, 2000-жылы райондук администрация жана айыл өкмөттөрү жерди кайтарып алуу жөнүндө маселени койбогондуктан ижара келишими узартылат деген ой менен 18,6 га жерине көп жылдык чөп септиргендигин, 50 га жердин ташын тердирип, кык төктүргөнүн, бирок, Талас райондук мамлекеттик администрациясы 2001-жылдын 24-сентябрындагы № 326 токтому менен 34,9 га жерди алып коюп, ага эч кандай компенсация бербей койгондугун, анын жерди жакшыртууга, көп жылдык чөптү айдатып септиргенге кеткен чыгымдары 122123,20 сомду түзгөндүгүн белгилеп, ошондон 98373, 20 сомун Талас райондук мамлекеттик администрациясынан өндүрүп берүүнү сураган. Талас райондук сотунун 2004-жылдын 13-декабрындагы чечими менен «Ырыс» дыйкан чарбасынын доосу канааттандыруусуз калтырылган. Талас областтык сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2005-жылдын 18-апрелиндеги чечими менен биринчи инстанциядагы соттун чечими жокко чыгарылып, иш боюнча «Ырыс» дыйкан чарбасынын доосун жарым-жартылай канааттандыруу жөнүндө жаңы чечим кабыл алынган. Талас райондук мамлекеттик администрациясынан «Ырыс» дыйкан чарбасынын пайдасына 64623 сом өндүрүлгөн. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|