«Эркинтоо» эринбей жооп берет
Жеримди тарттырып жиберемби? Кайниса Көкүмбаева, Бишкек шаары:
«Мен Акордо жаңы конушунан 6 гектар жер сатып алган элем. Бирок, текшерүүлөр жүрүп, жеримдин иши каралганы турат. Мен ал жерди акчага сатып алгам. Эми жеримди тарттырып жиберемби? Кандай учурда жеримди мамлекет алып кое алат?» «Жерге сиздин укугуңуз» маалымат компаниясы жооп берет: - Эгер бүтүм жараксыз деп табылса, жерди кредитке коюп күрөө акысын төлөй албай калсаңыз, мыйзам боюнча жер сизге таандык эмес болсо, максаттык багыты бузулса, участогуңуз үч жыл бою иштетпеген болсоңуз, жер салыгын төлөгөн эмес болсоңуз сиз жериңизден айрылып калышыңыз мүмкүн. Жогорудагы чаралар, µзгµчµ чаралар болуп саналат жана алар сот тарабынан гана колдонулат.
Ким туура эсептейт? Кадича Амангельдиева, Бишкек шаары, Жаманбаев көчөсүнүн №36 үйүнүн жашоочусу:
«Акыркы убактарда мен электр энергиясына карыз болбой толук төлөп келгем. Бирок, ага карабай декабрь айында мага электр энергиясына 62 миң сом өлчөмүндөгү карыз келиптир. Бул боюнча Бишкек электр энергия сатуу тармагына барып териштирип, туура эмес эсеп келгенин аныктап келсем да, кайра эле январь айына 63 миң карыз келиптир. Эми менин светимди кыркып кетебиз деп, айып да салып коюшуптур. Туура эмес эсеп экендиги аныкталса да эмне үчүн мага кайра эле ошол эсеп келет? Муну териштирген бир орган барбы?» Бишкек электр энергия сатуу тармагынын жетексиси Жалилов Мавлян: - Эсептен компьютер жаңылып калган учурлар болот. Аны териштирбей койсо, эмки айда ошол эле эсептин үстүнө кошулуп келе бериши мүмкүн. Бул жерде күнөө бизден кеткендигин моюнга алабыз. Сиздин эсепдүмүрчөңүздү компьютерден териштирип беребиз. Мен сиздин эсепти атайын белгилеп коем, электр светиңиз эсеп кайра каралмайын өчүрүлбөйт. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|