2008-жылы Бишкек шаарында Көз карандысыз мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 268 буйругуна ылайык, 2008-жылы Бишкек шаарында Көз карандысыз мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Мамлекет башчылар кеңешинин кезектеги отурумуна (мындан ары - КМШнын саммити) өз убагында жана сапаттуу даярдануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына КМШнын саммитине жана Көз карандысыз мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин саммитине даярдануу жана өткөрүү үчүн «Кыргыз Республикасынын 2008- жылга республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган каражаттардын чегинде финансылык каражаттарды өз убагында бөлүүнү камсыздасын. 2. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги 2008-жылдын 1-августуна чейинки мөөнөттө, сметасын, сценарийин жана өткөрүүчү ордун аныктоо менен маданий программа (КМШга катышкан мамлекеттердин артисттеринин катышуу мүмкүндүгү менен) даярдасын. 3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги: - Кыргыз Республикасынын Чегара кызматы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети менен бирдикте делегациялардын «Манас» эл аралык аэропортуна келишин жана кетишин ыкчам визалык камсыздоо, чегаралык жана бажылык тариздөө боюнча чараларды көрсүн; - Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы менен бирдикте зарыл протоколдук атрибутиканы даярдасын, КМШнын саммитине катышуучулар жашоочу жана жайгаштырылчу орундарды аныктасын жана даярдасын. 4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги «Манас эл аралык аэропорту» ачык акционердик коому менен бирдикте «Манас» эл аралык аэропортун делегацияларды тосууга даярдасын; Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|