Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 20-майындагы № 232-б буйругу (2009.16.10. өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен)
«Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3 жана 13-статьяларына ылайык, жаратылыш катаклизмине туш болгон калкты азык-түлүк менен камсыздоодо түзүлгөн татаал экономикалык кырдаалга байланыштуу Тажикстан Республикасынын жана Афганстан Ислам Республикасынын калкына гуманитардык жардам көрсөтүү максатында: 1-пункт КР Өкмөтүнүн 2009.16.10. № 595-б буйругунун редакциясында берилген (мур. ред. караңыз) 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү бөлүп берсин: - Тажикстан Республикасына - Кытай Эл Республикасынан келүүчү ундун көлөмүнөн 1-сорттогу 100 тонна унду; - Афганстан Ислам Республикасына - Россия Федерациясынан келүүчү ундун көлөмүнөн 1-сорттогу 100 тонна унду. 2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын Ош шаарынан аталган унду Тажикстан Республикасына жана Афганстан Ислам Республикасына жеткирүүнү уюштурсун. 3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган өлкөлөрдүн тышкы иштер министрликтерине жапа чеккен калкка көрсөтүлгөн гуманитардык жардам жөнүндө билдирсин. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|