«Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 3-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-статьясынын 3-пунктуна ылайык, каржылоо булагын аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна тиркелген корутунду жактырылсын. 2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-июнундагы № 272 токтому менен жактырылган
«Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 3-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2008-жылдын 15-майындагы № 12-1595 «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна корутунду берүү тууралуу тапшырмасына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдү белгилейт. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 77-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка нормативдик укуктук актыларынын так жана бирдей аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын компетенциясына киргендиктен, сунушталган мыйзам долбоорунун бүткүл тексти боюнча бул мамлекеттик орган операциялык-издөө, баштапкы тергөө жана тергөө иштерин жүргүзүүчү органдар, ошондой эле камалгандарды жана кайтарыкка алынгандарды кармоочу жайлардын администрациялары мыйзамдарды эле эмес, бардык нормативдик укуктук актыларды аткарышын көзөмөлдөөрүн тактоону сунуш кылабыз. Мыйзам долбоорунун 2-статьясынын 1-пунктунун редакциясын кайра кароону сунуш кылабыз, анткени Кыргыз Республикасынын Конституциясында Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын ишинин уюштурулушу, тартиби, ошондой эле прокурорлордун ыйгарым укуктары регламенттелген эмес. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|