№ АД-000224/06МО көзөмөл өндүрүш № 7-284/07 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2007-жылдын 2-ноябрындагы токтому
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу судья Мамбеталиева А.Ж., судьялар: Садыков Э.Э., Сыдыков О.С., (баяндамачы-судья), тараптар: «Келечек» дыйкан чарбасынын жетекчиси - Б.Осмонов, Кызыл Белес айыл өкмөтүнүн башчысыА.Шурубеков, соттук отурумдун катчысы Б.Касымованын катышуусу менен, ачык соттук отурумда «Келечек» дыйкан чарбасынын Тилектеш айыл өкмөтүнөн 11 тонна буудайды же 55000 сомду өндүрүү жөнүндөгү доо арызы боюнча кабыл алынган Нарын областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2007-жылдын 11-майындагы аныктамасына карата келтирилген Б.Осмоновдун көзөмөл тартибиндеги даттануусун карап, (соттук актыны кабыл алган судьялар: Ж.Омурзаков, А.Керимкулова, М.Байышов) аныктады: «Келечек» дыйкан чарбасы Нарын областтык арбитраждык сотуна Тилектеш айыл өкмөтүнөн 11 тонна буудай же 55000 сомду өндүрүү жөнүндөгү доо арызы менен кайрылган. Доо арызда доогер «Келечек» дыйкан чарбасы менен Тилектеш айыл өкмөтүнүн ортосунда 1999-жылдын 5-январында түзүлгөн келишим боюнча 1999-жылы Тилектеш айыл өкмөтү «Келечек» дыйкан чарбасынан ПН-1 маркасындагы пилораманы 15 тонна буудайга сатып алгандыгын, аталган келишимдин негизинде Тилектеш айыл өкмөтү «Келечек» дыйкан чарбасына 4 тонна буудай берип пилораманын жарым бөлүгүн өткөрүп алгандыгын, ал эми калган 11 тонна буудайды бербегендигин жана пилораманын калган бөлүгүн албагандыгын көрсөтүп, Тилектеш айыл өкмөтүнөн 11 тонна буудайды же 55000 сом жана төлөнгөн 2700 сом мамлекеттик алымды өндүрүп берүүнү сурайт. Нарын областтык арбитраждык сотунун 2001-жылдын 9-ноябрындагы чечими менен «Келечек» дыйкан чарбасынын доо арызы канааттандырылып, Тилектеш айыл өкмөтүнөн «Келечек» дыйкан чарбасынын пайдасына он бир тонна буудай натуралай же 55000 сом буудайдын наркы жана төлөнгөн 2700 сом мамлекеттик алым, баардыгы 57700 сом өндүрүлгөн. 2007-жылдын 26-мартында Кызыл-Белес айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Шурубеков Нарын областтык сотуна Нарын областтык арбитраждык сотунун 2001-жылдын 9-ноябрындагы чечимине карата кассациялык даттануу менен кайрылган. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|