Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен «Global Waste Industries Inc» компаниясынын (Америка Кошмо Штаттары)
КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июнундагы № 279-б буйругу менен жактырылган
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана «Global Waste Industries Inc» компаниясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1993-жылдын 11-декабрындагы токтому менен ратификацияланган Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы Капиталдык салымдарды кубаттоо жана өз ара коргоо жөнүндө келишимди көңүлгө алуу менен, мазутка туура келүүчү бардык параметрлер боюнча отундун альтернативдүү түрүн (ОАТ) чыгаруу жана берүү боюнча долбоорду ишке ашыруу Тараптардын ар биринин кызыкчылыктарына шайкеш келээрин эске алуу менен, төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
Ниеттер тууралуу ушул Протоколдун (мындан ары - Протокол) максаты ОАТты чыгаруу, сактоо жана пайдалануу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү изилдөө, талдоо жана иштеп чыгуу болуп эсептелет, ушул жаатта Тараптар төмөнкүдөй чечимге келишти: Бул Протоколду ишке ашыруу төмөнкүдөй үч этапта өтөт: - ОАТты чыгаруу боюнча эксперименттик заводду орнотуу жана иштетүү; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же анын ыйгарым укуктуу органы менен «Global Waste Industries Inc» компаниясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашууну түзүү; - 1000000 (бир миллион) тонна ОАТтан кем эмес кубаттуулукта ОАТты чыгаруу боюнча завод куруу; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төмөнкүлөрдү камсыздоого көмөк көрсөтөт: - ОАТты чыгаруу үчүн кыйла пайдалуу көмүр кени (запастар, иштетүү ыкмалары, коммуникацияга жакындыгы) жөнүндө маалыматка; - көмүр калдыктарынын (шлактар жана көмүр чаңы) саны, сапаты жана жайгашкан орду жөнүндө маалыматка; Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|