Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Литва Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашуу (Бишкек, 2008-жылдын 15-майы)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Литва Республикасынын Өкмөтү (мындан ары «Макулдашуучу Тараптар» деп аталат), эки мамлекеттин ортосунда экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнү каалашып, теңчиликтин жана өз ара пайданын негизинде Макулдашуучу Тараптын биринин инвесторлорунун экинчи Макулдашуучу Тараптын аймагына инвестициялары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана колдоого ниеттенишип, чет өлкөлүк инвестицияларды колдоо жана коргоо Макулдашуучу Тараптардын эки мамлекетинин жеке бизнесин өнүктүрүүгө жана экономикалык жактан гүлдөп өнүгүшүнө көмөктөшө тургандыгын таанышып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-статья. Аныктамалар
Бул Макулдашуунун максаттарында: 1. «Инвестициялар» Макулдашуучу Тараптын биринин инвестору экинчи Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин аймагында кийинки Макулдашуучу Тараптын улуттук мыйзамдарына ылайык инвестициялаган активдердин бардык түрлөрүн билдирет жана атап айтканда төмөнкүлөрдү камтыйт, бирок алар менен гана чектелбейт: а) кыймылсыз жана кыймылсыз эмес мүлктү жана күрөөлүк, күрөөлүк кармоо жана күрөө сыяктуу башка укуктарды жана ошого окшош укуктарды; б) акцияларды, облигацияларды, ишканаларга катышуунун башка формаларын; в) акча каражаттарына же экономикалык баалуулукка ээ болгон ар кандай башка аткаруу талаптарын; г) интеллектуалдык менчик укугун, атап айтканда автордук укукту, өнөр жайлык менчик укугун (патент, өнөр жайлык дизайн жана моделдер, соода маркалары, фирмалык аталыштар сыяктуулар) жана ноу-хау (патенттелбеген практикалык билимдер); д) гуд-вилл (ишкер репутация); е) жаратылыш ресурстарын издөөгө, казып алууга жана иштетүүгө концессияны кошо алганда улуттук мыйзамдарга ылайык контрактка жараша экономикалык ишмердикти жүргүзүүнүн ар кандай укугу жана ар кандай лицензиялар. Инвестициялардын формаларын ар кандай өзгөртүү Макулдашуучу Тараптар кабыл алган улуттук мыйзамдарга ылайык киргизилген шартта инвестициялар катары алардын мүнөзүнө таасир тийгизбөөгө тийиш. 2. «Инвестор» Макулдашуучу эки Тарапка карата төмөнкүлөрдү билдирет: Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|