«Менчиктештирүү объекттеринин мүлкүнүн наркын баалоо боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 19-мартындагы № 143 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Транспорт каражаттарын (номердик агрегаттарды) сатууда рынок коньюнктурасын эске алуу менен аларды калыс баалоо наркын аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: «Менчиктештирүү объекттеринин мүлкүнүн наркын баалоо боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 19-мартындагы № 143 токтому менен бекитилген Мамлекеттик менчикте турган транспорт каражаттарын (номердик агрегаттарды) сатуу тартиби жана алардын наркын баалоо методикасы жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: - 7-пункттун экинчи абзацында «13 жана 14-пункттар» деген сөздөр жана сандар «13-пункт» деген сөз жана сан менен алмаштырылсын; - 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: «9. Транспорт каражаттарын (номердик агрегаттарды) тыкыр карап чыккандан кийин комиссия транспорт каражаттарын (номердик агрегаттарды) баалоо протоколун түзөт, анда алардын рыноктук наркы көрсөтүлөт.»; Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|