КР Өкмөтүнүн 2011.13.06. № 305 токтомуна ылайык күчүн жоготкон Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-июлундагы № 376 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы органдарында кызмат өтөө жөнүндө
Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөшүнүн укуктук негизин, тартибин жана шарттарын аныктайт.
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы органдарында кызмат өтөө Кыргыз Республикасынын финансылык полиция органдарында кызматтарда турган Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик кызматынын түрү болуп эсептелет. 2. Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматы органдарында (мындан ары - Финансылык полиция) кызмат өтөөнүн укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик-укуктук актылары жана ушул Жобо түзөт. 3. Финансылык полициядагы кызмат мыйзамдуулук, адам укуктары менен эркиндиктерин урматтоо жана сактоо, гумандуулук, маалымдуулук, кызмат тартибин сактоо, кызматы үчүн калыс сыйлоо, жөндөмүн жана квалификациясын эске алуу менен кызматтык ишмердигинин натыйжасы боюнча кызматтан илгерилетүү принциптеринде түзүлөт. 4. Финансылык полициянын кызматкерлери болуп ушул Жободо белгиленген тартипте Финансылык полициянын аттестацияланган курамынын штаттык кызматтарын ээлеген, Финансылык полициянын катардагы жана башкаруучу курамдагы атайын наамдары ыйгарылган Кыргыз Республикасынын жарандары эсептелет. Финансылык полициянын кызматкерлери белгиленген тартипте атайын формалык кийим-кече менен камсыз кылынат, аны кийип жүрүү эрежелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Аларга белгиленген үлгүдөгү кызматтык күбөлүктөр жана жетондор берилет. Жетондун жана күбөлүктүн баяндалышы Финансылык полициянын Төрагасы тарабынан бекитилет. Финансылык полициянын кызматкеринин кызматтык күбөлүгү анын белгиленген тартипте атайын каражаттарды жана ок атуучу табелдик куралды сактоого жана алып жүрүүгө уруксат этүүчү жана Финансылык полиция органдарында ыйгарылган наамына жараша кызмат өтөп жаткандыгын тастыктоочу расмий документ болуп эсептелет. Кадрлар бөлүмчөсүнүн жетекчиси кызматка жаңы алынган Финансылык полициянын кызматкерине кызматтык күбөлүктү тапшырууда документти пайдалануунун эрежелери жана аны сактоонун тартиби боюнча инструктаж өткөзөт. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|