Долбоор
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-июлундагы № 380 токтому менен КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген
КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 19-сентябрындагы № 633-IV токтомуна ылайык биринчи окууда кабыл алынды
КР 2009-жылдын 26-январындагы № 31 Мыйзамына ылайык кабыл алынды
Бул Мыйзам өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрүн белгилейт жана аны жүргүзүүнүн укуктук, финансылык жана уюштуруучулук негиздерин жөнгө салат.
1-статья. Бул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
1) Агент - өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандырууну колдоо үчүн бөлүнгөн каражаттарды башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныктала турган, мамлекеттин жүз пайыздагы катышуусундагы юридикалык жак; 2) баалоочу (көз карандысыз эксперт) - баалоо ишмердигин ишке ашырууга лицензиясы бар юридикалык же жеке жак; 3) эгилген жердин толук зыянга учурашы - жагымсыз табигый кубулуштардын айдоолорго тийгизген терс таасиринен эгилген өсүмдүктөрдү өстүрүүгө жана оруп-жыйноого кете турган чыгымдын түшүмдөн түшө турган болжолдуу кирешеден ашып кетиши; 4) түшүмдөн түшө турган болжолдуу киреше - өсүмдүктөрдү өстүрүү тармагында ыйгарым укуктуу орган бекиткен методикага ылайык комиссия аныктаган киреше; 5) жагымсыз табигый кубулуш - эгилген айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жок болушуна же зыянга учурашына алып келген табигый кубулуштар (суу ташкыны, сел, мөндүр уруу, нөшөрлөгөн жаан, үшүк); 6) өсүмдүк өстүрүүчүлүк - юридикалык же жеке жак тарабынан өсүмдүк өстүрүүнү өзүнө камтыган айыл чарбасынын негизги тармагынын бири; 7) өсүмдүк өстүрүүдө камсыздандыруу келишими (мындан ары - камсыздандыруу келишими) - ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси аныктаган шарттарда камсыздандыруучу менен камсыздалуучунун ортосунда түзүлгөн келишим; Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|