Озонду бузуучу заттарды колдонууну токтотуу жөнүндө
КР Өкмөтүнүн 2016.29.07. № 419 токтомуна ылайык күчүн жоготкон
«Озон катмарын коргоо жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасында тышкы соода ишмердигин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Монреаль протоколу боюнча Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин аткарууну андан ары камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. 2008-2010-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасында озонду бузуучу заттарды колдонууну токтотуу боюнча Мамлекеттик программа (2-фазасы) бекитилсин. 2. Озонду бузуучу заттарды колдонууну токтотуу боюнча Мамлекеттик программаны ишке ашырууга байланыштуу иштерди координациялоо боюнча Ведомстволор аралык комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн. 3. Төмөнкүлөргө тыюу салуу киргизилсин: - 2008-жылдын 1-июнунан тартып - колдонуунун өзгөчө түрлөрүнөн (жарандык авиация, аскердик техника) сырткары галлондорду жана галлондорду камтуучу жана/же колдонуучу жабдууларды импорттоого; - 2008-жылдын 1-сентябрынан тартып - продукцияларды карантиндик тазалоо жана аны ташуунун алдында тазалоо үчүн колдонуудан тышкары бромдуу метилди импорттоого. 4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасында озонду бузуучу заттарды колдонууну токтотуу графигин бардык таламдаш юридикалык жана жеке жактарга чейин жеткирсин. 5. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт өчүрүүнүн альтернативдүү системаларына өтүү максатында галлондорду колдонуучу өрт өчүрүү системалары үчүн Өрт өчүрүүнүн заманбап методдору боюнча методикалык рекомендацияларды иштеп чыгышсын. 6. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасында альтернативалуу, озон жагынан коопсуз медициналык дозировкаланган ингаляторлорго өтүү Стратегиясын иштеп чыксын жана бекитсин. 7. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик менен бирдикте озон катмарын сактоо проблемалары жана калкты жогорку ультракызгылткөк нурлануудан коргоо методдору жөнүндө коомчулукка маалымдоону камсыз кылсын. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|