Архив ишине тиешелүү мыйзамдарда көрсөтүлгөн укук бузууларга администрациялык жаза-чара колдонуу тууралуу
КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 31-декабрындагы № 346 токтомуна ылайык күчүн жоготкон
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу, 2007-жылдын 9-ноябрдагы № 162 Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, буйрук кылам: 1. Архив ишине тиешелүү мыйзамдарда көрсөтүлгөн укук бузууларга администрациялык жаза-чара колдонуу тууралуу жобосу бекитилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Маданият, илим жана эл агартуу министрлигинин «Улуттук архив фондунун документтеринин сакталышын администрациялык жоопкерчиликти кароо тартиби жөнүндөгү жобону» бекиткен 1999-жылдын 29-июнундагы № 354/1 буйругу күчүн жоготту деп табылсын жана № 52 1999-жылдын 30-июнунда Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөн. 3. Ушул буйрук Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине мамлекеттик каттоого жиберилсин. 4. Ушул буйрук Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде мамлекеттик каттоодон жана официалдык жарыялагандан кийин күчүнө кирилсин. 5. Ушул буйрук официалдык жарыялагандан кийин Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жарыяланганын булагы жөнүндө маалымат берилсин. 6. Ушул буйрукту аткарууга көзөмөл Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архив агентинин директоруна жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин 2008-жылдын 6-июнунда № 178 буйругу менен бекитилди
Архив ишине тиешелүү мыйзамдарда көрсөтүлгөн укук бузууларга администрациялык жаза-чараларын колдонуу тартиби жөнүндө жобо
Бул Жобо архив ишине тиешелүү мыйзамдарда көрсөтүлгөн укук бузууларга Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине ылайык жаза-чара колдонуунун тартибин аныктайт. Кыргыз Республикасынын «Улуттук архив фонду жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Мамлекеттик архив кызмат органдары Кыргыз Республикасынын аймагындагы бардык юридикалык жактардын, менчигинин түрүнө, ведомстволук баш ийүүсүнө, жеке адамдардын кайсы мамлекеттин жараны экендигине карабастан, архив иши боюнча мыйзамдардын кынтыксыз сакталышына көзөмөл жүргүзөт. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|