Долбоор Кыргыз Республикасынын
Кыргыз Республикасында турак жайларды жаратылыштык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан ыктыярдуу жеңилдетилген камсыздандыруу жөнүндө
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 18-июлундагы № 384 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 745 токтомуна ылайык КР Жогорку Кеңешинен кайра сурап алынган
Бул Мыйзам Кыргыз Республикасында турак жайларды жаратылыштык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан ыктыярдуу жеңилдетилген камсыздандыруу (мындан ары - ыктыярдуу жеңилдетилген камсыздандыруу) системасынын укуктук, экономикалык жана уюштуруучулук негиздерин жана системанын катышуучуларынын өз ара мамилелерин аныктайт.
I глава. Жалпы жоболор
1-статья. Ыктыярдуу жеңилдетилген камсыздандыруу системасы
1. Ыктыярдуу жеңилдетилген камсыздандыруу системасынын максаты жаратылыштык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын таасиринин кесепетинен бузулган турак жайлардын менчик ээлеринин мүлктүк кызыкчылыктарын жана турак жайларды пайдалануучулардын турак жайга укуктарын коргоо болуп саналат. 2. Ыктыярдуу жеңилдетилген камсыздандыруу системасы Кыргыз Республикасынын бардык аймагына жайылтылат. 3. Турак жайлардын менчик ээлеринин мүлктүк кызыкчылыктарын жана турак жайларды пайдалануучулардын турак жайга укуктарын камсыздандырууну коргоо системасын жүзөгө ашырууну камсыз кыла турган ыйгарым укукка ээ уюм болуп Турак жайлардын ыктыярдуу жеңилдетилген камсыздандыруунун адистештирилген кепилдик фонду саналат. 4. Ыктыярдуу жеңилдетилген камсыздандыруу системасынын катышуучулары болуп төмөнкүлөр саналат: - камсыздалуучулар; - камсыздандыруучулар; - Турак жайларды ыктыярдуу жеңилдетилген камсыздандыруунун адистештирилген кепилдик фонду; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү; - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.
2-статья. Негизги түшүнүктөр
Бул Мыйзамдын максаты үчүн төмөнкү негизги түшүнүктөр пайдаланылат: турак жай - белгиленген техникалык, санитардык жана башка милдеттүү талаптарга жооп берген, туруктуу жашоо үчүн арналган жана пайдаланыла турган өзүнчө турак жай бирдиги (жеке турак үй, квартира, жатаканадагы же коммуналдык квартирадагы бөлмө); турак жайды пайдалануу - турак жайды колдонуу (жашап туруу, ижарага берүү же Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка максаттарга пайдалануу); Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|