Кыргыз Республикасынын Президентинин
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө
Райондук кеңештерди түзүү тартибинин өзгөргөндүгүнө, ошондой эле айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн аяктагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-беренесинин 6-пунктун, 46-беренесинин 6-пунктунун 4-пунктчасын жана Кыргыз Республикасындагы шайлоолор жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 7- жана 80-беренелерин жетекчиликке алып, «Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын Кыргыз Республикасынын шаарларынын администрациялык-аймактык түзүлүшүн ага ылайык келтирүү зарылчылыгы жөнүндө жобосун, ошондой эле бир калктуу конуштагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишиндеги кайталоочулукту жоюуну эске алуу менен токтом кылам: 1. Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаган райондордо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын шаарларында, поселкаларында, айылдык округдарында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 2008-жылдын 5-октябрына дайындалсын. 2. Республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын аймагында турган айрым айылдык округдарды, поселкаларды, айылдарды ушул Жарлыктын № 1 тиркемесине ылайык жоюу жана аталган маселелер мыйзамдуу жөнгө салынганга чейин жергиликтүү кеңештерге шайлоону дайындоону кийинкиге калтыра туруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушу кабыл алынсын. 3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык өткөрүүнү уюштурсун. 4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|