Кыргыз Республикасынын Премьер-Министринин 2008-жылдын 22-апрелиндеги № 210 буйругу
«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагындагы маалыматтарга ээ болуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагындагы маалыматтарга ээ болуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 8-майындагы № 240 Жарлыгына ылайык, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагындагы маалыматтарды мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндө жарандардын жана юридикалык жактардын суроо-талаптарынын бир түрдүү эрежелерин, шарттарын жана аткаруу тартибин белгилөө максатында: 1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин: - «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагындагы маалыматтарга ээ болуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчеттун формасы (мындан ары - Форма); - Форманы толтуруу боюнча нускама. 2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, облустардын мамлекеттик администрациялары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын отчетторунун графигине жараша «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагындагы маалыматтарга ээ болуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчет беришсин. 3. Калкка маалымат берүү функцияларын ишке ашырууну уюштуруу, ошондой эле туура жана өз учурунда каттоо үчүн контролду ишке ашыруу жана маалымат жөнүндө суроо-талаптарды аткаруу, берилүүчү маалыматтардын ишенимдүүлүгү жана толуктугу, аны берүүнүн белгиленген мөөнөттөрүн жана шарттарын сактоо боюнча милдеттерди аткаруу мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчилигинин ичинен ыйгарым укуктарды бөлүштүрүүнүн алкагында кызмат адамдарына жүктөлсүн. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|