Кыргыз Республикасынын Президентинин
Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясын реформалоо боюнча кээ бир чаралар жөнүндө
«Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын, мамлекеттик телерадиоберүүнүн башка түзүмдөрүнүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, өлкөнүн калкынын объективдүү жана ар тараптуу маалыматка болгон керектөөлөрүн андан ары канааттандыруу максатында токтом кылам: 1. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын (мындан ары - УТРК) сунушуна макулдук берилсин жана: - төмөнкүлөр УТРКнын курамынан чыгарылсын жана Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин карамагына берилсин: А.Жумахматов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык симфониялык оркестри; камералык хор; «Учур» телетеатры; - төмөнкүлөр УТРКнын түзүмүнөн чыгарылсын жана Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин карамагына өткөрүп берилсин: өлкөдөгү окуяларды жалпы мамлекеттик чагылдырууну координациялоо, төмөнкү аталган телерадиокомпанияларына усулдук, консультациялык жана практикалык жардам берүү функциясын УТРКда калтыруу менен Чүй, Нарын, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Баткен жана Талас облустук телерадиокомпаниялары. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте: - ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу, финансылык жана башка маселелерди чечсин; - өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин. 3. УТРКнын тиркелген Уставы бекитилсин. 4. УТРКнын башкы директору белгиленген тартипте жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен макулдашуу боюнча бир айлык мөөнөттө УТРКнын кызматкерлеринин штаттык санынын чегин иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин бекитүүсүнө киргизсин. 5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын: - Кыргызстан Республикасынын Президентинин указдары: «Кыргызстан Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясын түзүү жөнүндө» 1991-жылдын 21-февралындагы № 98; «Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы жөнүндө» 1991-жылдын 19-апрелиндеги № 168 ; - Кыргыз Республикасынын Президентинин указдары жана жарлыктары: «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү корпорациясын түзүү жөнүндө» 1998-жылдын 16-мартындагы № 74; «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө» 2002-жылдын 14-сентябрындагы № 246; Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|