Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилигинин имараттарынын комплексин куруу жөнүндө (2009.08.10. өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен)
КР Өкмөтүнүн 2013.08.05. № 259 токтомуна ылайык күчүн жоготкон
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2007-жылдын 6-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Өз элчиликтеринин кыймылсыз мүлктөрү боюнча макулдашуунун күчүнө киришине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрүнүн Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилигинин имараттарынын комплексин куруу методдоруна жана механизмдерине карата Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен болгон сүйлөшүүлөрү жөнүндө ушул токтомго тиркелген отчету көңүлгө алынсын. 2. Анкара шаарында (Түркия Республикасы) Кыргыз Республикасынын Элчилигинин имараттарынын комплексин куруу жана аталган курулушту контролдоочу консультантты аныктоо боюнча кыргыз-түрк биргелешкен тендерлик комиссиянын кыргыз бөлүгү тиркемеге ылайык курамда бекитилсин. 3. Кыргыз-түрк биргелешкен тендерлик комиссиянын кыргыз бөлүгү ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн тендерлик комиссиянын Түркия Республикасынын аймагында өткөрүлчү жыйынына катышсын. КР Өкмөтүнүн 2009.08.10. № 623 токтомуна ылайык 4-пунктуна өзгөртүүлөр киргизилген (мур. ред. караңыз) 4. Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилиги: - Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчисинин резиденциясы жана Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилигинин кызматкерлери үчүн 8 квартиралуу турак үй менен кошо Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилигинин имаратынын түркиялык компания даярдаган долбоорун 2008-жылдын 10-октябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте киргизсин; Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|