Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 9-апрелиндеги № 135 токтому менен бекитилген
Суу-энергетикалык кырдаалды турукташтыруу жана Кыргыз Республикасынын экономика тармактары менен калкын
1. Суу-энергетикалык кырдаалды турукташтыруу жана Кыргыз Республикасынын экономика тармактары менен калкын 2008/2009-жылдын күзгү-кышкы мезгилине даярдоо боюнча республикалык штаб (мындан ары - Штаб) коңшулаш өлкөлөр менен суу-энергетикалык мамилелердин маселелери боюнча бирдиктүү позицияны иштеп чыгуу, суу-энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууну ишке ашыруу, Токтогул суу сактагычында суунун зарыл запастарын түзүү жана Кыргыз Республикасынын экономика тармактары менен калкын 2008/2009-жылдын күзгү-кышкы мезгилине даярдоо, ошондой эле электр жана жылуулук менен жабдуудагы тартип бузууларды болтурбоо үчүн түзүлгөн коллегиалдуу координациялык орган болуп саналат. 2. Штаб өз ишмердигинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат. 3. Штабдын иш-аракетин төрага, ал жок учурда - төраганын орун басары жетектейт.
II. Штабдын милдеттери жана функциялары
4. Штабдын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат: - республиканын суу-энергетика комплексин өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу; - Токтогул суу сактагычында суунун зарыл көлөмүн топтоо боюнча өз убагында чараларды көрүү; - Кыргыз Республикасынын суу-энергетика ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу маселелерин сапаттуу жана өз убагында чечүүнү камсыздоо; - Кыргыз Республикасынын экономика тармактары менен калкын 2008/2009-жылдын күзгү-кышкы мезгилине өз учурунда жана сапаттуу даярдоону камсыз кылуу. 5. Штаб ага жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды аткарат: - ай сайын өзүнүн заседаниелеринде токтомдун аткарылышынын жүрүшүн карайт; - суу-энергетика ресурстарын башкаруу, кышкы шарттарда иштөөгө өз убагында жана сапаттуу даярдоо, отун менен камсыздоо, электр-жылуулук менен жабдуулардагы бузулууларга жол бербөө жана (же) алардын кесепеттерин жоюу боюнча мамлекеттик органдардын жана отун-энергетика комплексинин ишканаларынын иштерин координациялайт; - электр- жана жылуулук энергиясын берүүдө чектөөлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат; Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|