Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Латвия
КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 25-декабрындагы № 678-б буйругу менен жактырылган
КР Өкмөтүнүн 2015.15.09. № 452-б буйругуна ылайык күчүн жоготкон
Мындан ары Макулдашуучу тараптар деп аталуучу Латвия Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Чикагодо кол коюу үчүн ачык Эл аралык жарандык авиация жөнүндө 1944-жылдын 7-декабрындагы Конвенциянын Тараптары болуп саналышып, өз ара принципке негизденишип өздөрүнүн тиешелүү аймактарынын ортосунда жана анын чегинен сырткары үзгүлтүксүз аба катнашын түзүү максатында жогоруда эскертилген Конвенцияга ылайык жана аны толуктоо иретинде Макулдашуу түзүүнү каалашып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-статья. Аныктама
1. Эгерде контекстте башкача талап кылынбаса ушул Макулдашуунун максаттары үчүн: а) «Конвенция» термини Чикагодо кол коюу үчүн ачык Эл аралык жарандык авиация жөнүндө 1944-жылдын 7-декабрындагы Конвенцияны билдирет жана ушул Конвенциянын 90-статьясына ылайык кабыл алынган ар кандай Тиркемени жана Конвенциянын 90, 94-статьяларына ылайык кабыл алынган Тиркемелерге жана Конвенцияларга ар кандай түзөтүүлөрдү бул Тиркемелер жана түзөтүүлөр Макулдашуучу эки тарап жагынан кандайча ратификациялангандыгына жана күчүнө киришине жараша камтыйт; b) «авиациялык бийликтер» термини бул учурда Латвия Республикасынын Өкмөтүнүн Транспорт министрлигин, бул учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин же мындай эки учурда азыркы убакта жогоруда эскертилген бийликтер тарабынан аткарылуучу ар кандай функцияларды аткарууга ыйгарым укуктуу ар кандай башка жакты же органды билдирет; с) «дайындалган авиакомпания» термини ушул Макулдашуунун 4-статьясына ылайык дайындалган жана ыйгарым укук берилген авиакомпанияны билдирет; d) «аймак» термини Макулдашуучу тараптарга карата Конвенциянын 2-статьясындагы бул термин үчүн аныкталган мааниге ээ; е) «аба катнашы», «эл аралык аба катнашы», «авиакомпания» жана «коммерциялык эмес максаттар менен токтоо» терминдери Конвенциянын 96-статьясындагы бул терминдер үчүн аныкталган мааниге ээ; Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|