Долбоор
Кыргыз Республикасынын мыйзамы
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2008.25.11 № 547 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген
Бул Мыйзам маданият жаатындагы ишмердикти өнүктүрүүнүн укуктук, экономикалык, социалдык жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт, чыгармачылыктын эркиндигин камсыз кылуу, маданият жагындагы кесиптик жана ышкыбоздук маданий ишмердикти өнүктүрүү жана колдоо максатында маданий байлыктарды түзүү, жайылтуу, сактоо жана пайдалануу чөйрөсүндөгү коомдук мамилелерди жөнгө салат.
I бап. Жалпы жоболор
1-статья. Бул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Маданият - адамзат тарабынан түзүлгөн жана коомдун өнүгүшүнүн кандайдыр бир деңгээлин мүнөздөгөн материалдык жана рухий баалуулуктардын жыйындысы. Искусство - адабиятты, архитектураны, скульптураны, сүрөтчүлүктү, графиканы, декоративдик-колдонмо искусствону, музыканы, бийди, театрды, кинону жана башка адамзат ишмердигинин түрлөрүн камтыган, тиричиликтин формасын көркөм-образдуу чагылдырып бириктирген көркөм чыгармачылык. Маданият жаатындагы ишмердик - маданий байлыктарды сактоо, түзүү, жайылтуу жана маданий жыргалчылыктарды пайдаланууга багытталган ишмердик. Маданий баалуулуктар - адептүүлүк жана эстетикалык идеалдар, жүрүм-турумдук нормалары менен үлгүлөрү, тил менен диалектилер, улуттук каада-салттар жана үрп-адаттар, тарыхий топонимдер, фольклор, көркөм өнөр жана кол өнөрчүлүк, адабият жана искусствонун, элдик көркөм өнөрдүн чыгармалары, тарыхий-маданий мааниси бар имараттар, курулмалар, буюмдар жана технологиялар, тарыхий-маданий жагынан алганда сейрек учуроочу аймактар жана объектилер, илимий изилдөөлөрдүн натыйжалары жана методдору. Маданий жыргалчылык - жарандар менен жалпы коомчулуктун көркөм-эстетикалык муктаждыктарын канааттандыруу үчүн арналган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр. Маданий деңгээл - адамзат тарабынан иштелип чыккан маданияттын нормалары менен байлыктарын өздөштүрүүдөгү иш-аракеттердин натыйжасында жетишкен жеке инсандын, социалдык топтун, улуттук жана мамлекеттик жалпылыктардын, цивилизациялардын, жалпы коомчулуктун өнүгүү деңгээли. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|