Долбоор Кыргыз Республикасынын
КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 31-декабрындагы № 750 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилген
1-берене. «Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин-Тоо» гезити, 2006-жыл, 8-август, № 58) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 1. 1-берененин 2-пунктундагы «таркатууга» деген сөз «өткөрүп берүүгө» деген сөздөр менен алмаштырылсын; 2. 2-беренеде: - экинчи-төртүнчү абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «кылмыш жолу менен алынган кирешелер - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде каралган кылмышты жасоонун натыйжасында тике же кыйыр түрдө ээлик кылынган (алынган) акча каражаттары жана мүлк; кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 183-беренесинде каралган, жазыктык жактан жазалануучу коомго коркунучтуу жосун; мүлк - ар кандай буюмдар, буюмдарда же укуктарда көрүнгөн жана материалдык баалуулукту көрсөтө турган предметтер жана активдер (Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чет-жакаларындагы жайгашкан кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк, баалуу кагаздар, асыл таштар жана металлдар, антиквариат жана колдонуудагы мыйзамдарга ылайык башка мүлк), ошондой эле мүлккө болгон укукту жана андагы кызыкчылыкты тастыктоочу документтер же актылар;» ; - алтынчы-жетинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлүүчү же аныкталуучу жана ушул Мыйзамга ылайык шектүү операциялар (бүтүмдөр) жөнүндөгү жана милдеттүү көзөмөлгө алынуучу операциялар (бүтүмдөр) тууралуу маалыматты борбордоштурулган чогултууну, талдоону жана сактоону жүзөгө ашырууга, ошондой эле, өлкөнүн финансылык коопсуздугун камсыз кылуу максатында терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүүгө багытталган тийиштүү иш-чараларды өткөрүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган; Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|