Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2008-жылдын 27-октябрындагы № АД-60/07 МД -токтому
№ 06-37/08 СГ - көзөмөл өндүрүшү
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын курамында: Төрагалык кылуучу судья: Альпиева А.Н., Судьялар: Максимбекова Д.И., Сыдыков О.С.(баяндоочу-судья), сот отурумунун катчысы: Абышов Б.. тараптар: Д. Юсуповдун өкүлдөрү - К.Т. Юсуповдун (күбөлүк № 030, ишеним каты 17.10.2008ж.) жана Ш.Т. Сопубековдун (паспорт № А 061 3444, ишеним каты 17.10,2008ж.); Базаркоргон райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын өкүлү - А.Ш. Адишовдун (паспорт № 64 4652, ишеним каты № 345 24.10.08ж.); О. Рахмановдун (паспорт № А 110 4474) жана Б. Калыбековдун катышуусу менен, ачык сот отурумунда Юсупов Дамирдин Жалалабат областтык райондор аралык сотунун 2007-жылдын 27-ноябрындагы чечимине, Жалалабат областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2008-жылдын 23-январындагы аныктамасына көзөмөл тартибинде келтирген арызы боюнча ишти карап, Жалалабат областтык райондор аралык сотунун 2007-жылдын 27-ноябрындагы чечими менен Юсупов Дамирдин жашылча жемиш павильонунун жанынан Юсуповко 60 кв. м. бөлүнүп берилгендиги жөнүндө № 212-6 буйругунун 1-пункту жокко чыгарылсын деген 1999-жылдын 26-февралындагы № 113-Б буйругун жараксыз деп таап берүү жөнүндөгү арызы - четке кагылган. (Төрагалык кылуучу: Айжигитов А. А.) Жалалабат областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2008-жылдын 23-январындагы аныктамасы менен Жалалабат областтык райондор аралык сотунун 2007-жылдын 27-ноябрындагы чечими бул иш боюнча чечими өзгөртүүсүз, ал эми апелляциялык даттануу канааттандыруусуз калтырылган. (Судьялар: Осмоналиев К. Т., Алимбеков М. Р., Кожобекова К. Т.) Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы О. Сыдыковдун баяндамасын угуп, сотгук коллегия ТАПТЫ: Юсупов Дамир Жалалабат областтык райондор аралык сотуна Базаркоргон райондук мамлекеттик администрациясына, Базаркоргон райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына жана Рахманов Осмонго карата арыз менен кайрылып, анда Базаркоргон райондук мамлекеттик администрациясынын 1997-жылдын 15-майындагы № 212-б буйругунун 3-пункту жокко чыгарылсын деген 1999-жылдын 26-февралындагы № 113-Б буйругун жараксыз деп таап берүүнү суранган. Доо арыз төмөндөгүчө негизделген. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|