Кыргыз Республикасынын
1-берене. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 1. 86-статьянын 1-пунктунда: биринчи абзацтын биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда берилсин: «Юридикалык жак юридикалык жактарды каттоо жөнүндө мыйзамда белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мамлекеттик катталууга тийиш.»; үчүнчү абзацынын биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда берилсин: «Каттоодон баш тартуу мыйзамдарда каралган негиздер боюнча жүргүзүлөт.». 2. 87-статьянын 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин: «5. Саясий партиялардан, диний уюмдардан жана башка коммерциялык эмес уюмдардан тышкары юридикалык жактардын уюштуруу документтерин өзгөртүү юридикалык жактын ыйгарым укуктуу органы аларды белгиленген тартипте бекиткен күндөн тартып күчүнө кирет. Саясий партиялардын, диний уюмдардын жана башка коммерциялык эмес уюмдардын уюштуруу документтерин өзгөртүү алар мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып күчүнө кирет. Мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жактын уюштуруу документтерин өзгөртүү мамлекеттик каттоо жүргүзгөн органга мындай өзгөртүүлөр жөнүндө билдирүү жиберген күндөн тартып күчүнө кирет. Мында юридикалык жактар жана алардын уюштуруучулары ушул өзгөртүүлөрдү эске алуу менен аракеттенген үчүнчү жактарга карата мындай өзгөртүүлөрдүн каттоосу жоктугуна шылтоо кылууга укугу жок.». 3. 91-статьянын 3-пунктунда «Кодекс» деген сөздөн кийин «, мыйзам» деген сөз менен толукталсын 4. 97-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын: Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|